Difference between revisions of "АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ'''– Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи А.-А. с-у (1838–42) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-ж. Кандагар, Газни, Кабул ш-н ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү м-н аяктаган. 1842-ж. аягында англичандар Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат. Экинчи А.-А. с-у (1878–80) Англиянын Афганистандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу ж-а Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу м-н жыйынтыкталган. Үчүнчү А.-А. с-унун (1919) башталышына Афган эмири ''Аманулла хандын'' Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы б-ча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганистандын толук көз каранды эместигин тааныган. | |||
14:53, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ– Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи А.-А. с-у (1838–42) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-ж. Кандагар, Газни, Кабул ш-н ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү м-н аяктаган. 1842-ж. аягында англичандар Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат. Экинчи А.-А. с-у (1878–80) Англиянын Афганистандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу ж-а Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу м-н жыйынтыкталган. Үчүнчү А.-А. с-унун (1919) башталышына Афган эмири Аманулла хандын Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы б-ча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганистандын толук көз каранды эместигин тааныган.