Difference between revisions of "АЛА БАКАН"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛА БАКАН''' ‒ 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2‒3 ''м'' узундуктагы жыгач буюм. А. көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайыӊ, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай А-дар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген А. чыгданды да жөлөп турган. О. эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер м-н кооздолуп жасалган А. да колдонулган. Мындай А. кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) А. түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр м-н айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеӊири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын боз үй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет. | |||
[[File:АЛА БАКАН17.png | thumb | none]] | [[File:АЛА БАКАН17.png | thumb | none]] |
20:19, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АЛА БАКАН ‒ 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2‒3 м узундуктагы жыгач буюм. А. көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайыӊ, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай А-дар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген А. чыгданды да жөлөп турган. О. эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер м-н кооздолуп жасалган А. да колдонулган. Мындай А. кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) А. түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр м-н айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеӊири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын боз үй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет.