Difference between revisions of "АКИМ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКИМ''' (ар. – хаким – диний ж‑а коомдук иш­терди башкаруучу) – 1) бийлөөчү; атайын да­йындалган же шайланган эл башкаруучу. Кыр­гыздар ''Кокон хандыгына'' баш ийип турган мез­гилде адм. аймактардын башында А. турган. Алар берилген укуктарына жараша кушбег, ''бек, датка'' атактарын алышкан да, жалпысынан эл арасында А. аталган. Кырг‑н эли Россия­нин курамына кошулгандан кийинки мезгилде да уезд башчысына ж. б. бийлөөчүлөргө карата айтыла берген, бирок мурунку маанисин жого­туп, кийинчерээк колдонулбай калган; 2) ра­йондук мамл. адм. башчысы. Анын укуктук негиздери КРдин «Жергиликтүү өзүн‑өзү башка­руу ж‑а жергиликтүү администрациясы жө­нүндө» мыйзамында бекитилген. А. жерг. ке­ңештин макулдугу ж‑а премьер‑министрдин су­нушу м‑н КРдин Президенти тарабынан төрт жылдык мөөнөткө дайындалат. Президенттин буйругу м‑н бошотулат. А. эки мөөнөттөн ашык бир райондо кызмат ээлей албайт. КРдин Пре­зидентине, Премьер‑министрине ж‑а обл. адм. башчысына баш ийет. Ал жерг. адм‑нын иш­мердүүлүгүн көзөмөлдөйт ж‑а жыйынтыктары үчүн жооп берет, алардын жетекчилерин ээле­ген кызматынан алууга ж‑а дайындоого макул­дугун берет. Жылына бир жолудан кем эмес, райондук кеңешке иштин абалы ж‑дө билдирүү жасайт: социал.-экон. өнүгүү ж‑а элди социал. жактан коргоо б‑ча программанын, бюджеттин аткарылышы б‑ча отчёт берет ж‑а райондук кеңешке бюджеттин долбоорун бекитүүгө сунуш кылат.<br> ''К. А. Исмаилова.''<br> | |||
19:22, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АКИМ (ар. – хаким – диний ж‑а коомдук иштерди башкаруучу) – 1) бийлөөчү; атайын дайындалган же шайланган эл башкаруучу. Кыргыздар Кокон хандыгына баш ийип турган мезгилде адм. аймактардын башында А. турган. Алар берилген укуктарына жараша кушбег, бек, датка атактарын алышкан да, жалпысынан эл арасында А. аталган. Кырг‑н эли Россиянин курамына кошулгандан кийинки мезгилде да уезд башчысына ж. б. бийлөөчүлөргө карата айтыла берген, бирок мурунку маанисин жоготуп, кийинчерээк колдонулбай калган; 2) райондук мамл. адм. башчысы. Анын укуктук негиздери КРдин «Жергиликтүү өзүн‑өзү башкаруу ж‑а жергиликтүү администрациясы жөнүндө» мыйзамында бекитилген. А. жерг. кеңештин макулдугу ж‑а премьер‑министрдин сунушу м‑н КРдин Президенти тарабынан төрт жылдык мөөнөткө дайындалат. Президенттин буйругу м‑н бошотулат. А. эки мөөнөттөн ашык бир райондо кызмат ээлей албайт. КРдин Президентине, Премьер‑министрине ж‑а обл. адм. башчысына баш ийет. Ал жерг. адм‑нын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт ж‑а жыйынтыктары үчүн жооп берет, алардын жетекчилерин ээлеген кызматынан алууга ж‑а дайындоого макулдугун берет. Жылына бир жолудан кем эмес, райондук кеңешке иштин абалы ж‑дө билдирүү жасайт: социал.-экон. өнүгүү ж‑а элди социал. жактан коргоо б‑ча программанын, бюджеттин аткарылышы б‑ча отчёт берет ж‑а райондук кеңешке бюджеттин долбоорун бекитүүгө сунуш кылат.
К. А. Исмаилова.