Difference between revisions of "АКВАРЕЛЬ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКВАРЕЛЬ''' (итал. acguerella – суудагы боёк, лат. aqua – суу) – сууга эзилүүчү, оңой жуула турган боёк, ошондой эле аны м‑н тартылган ''живопись'' [[File:АКВАРЕЛЬ38.png | thumb | c. Чокморов. Аксакалдардын отурушу.]] | '''АКВАРЕЛЬ''' (итал. acguerella – суудагы боёк, лат. aqua – суу) – сууга эзилүүчү, оңой жуула турган боёк, ошондой эле аны м‑н тартылган ''живопись'' [[File:АКВАРЕЛЬ38.png | thumb | c. Чокморов. Аксакалдардын отурушу.]] | ||
(адатта желим кошулат). Аны кадимки эле кагазда боёкторду сууда эзип алып, тегерек баштуу ''ж''е­''билге'' м‑н тартышат. Өтө жука боёлгон катмар­дын жумшактыгы ж‑а тунуктугу акварель живописи­нин эң маанилүү, өзгөчө касиети болуп эсепте­лет. Ак боёк ашыкча коюу боёк катары бул жерде колдонулбайт (аны бүт живопись аркы­луу көрүнүп турган кагаздын ак түсү алмашты­рып турат). Мындай сүрөт тартуу техникасы­нын мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен, ошону м‑н бирге кыйынчылыктары да бар. Кээ бир жетиш­пей калган жерлерин кайрадан түптамырынан бери оңдоп чыгуу көп учурда бул жерде мүмкүн болбойт. Кээде акварель тунук эмес, салыштырмалуу коюу ак боёктор м‑н тартылат, мындай учурда бул материалдын негизги касиети кескин өзгөрөт ж‑а ал ''гуаштын'' өзгөчөлүктөрүнө жакындайт. Таза акварель 15‑кылымдын башында кеңири пайдаланы­ла баштаган. Акварель боёгу тунук ж‑а сүрөттүн өңүнүн тазалыгы м‑н айырмаланат. 19‑кылымда көптөгөн өлкөлөрдүн ж‑а атайын сүрөт окуу жайлары­нын сүрөтчүлөрү (Э. Делакруа, О. Домье, П. Гав­рни, А. Менцель, И. Е. Репин, В. И. Суриков, М. А. Врубель) көбүнчө акварель жанрына кайры­лышкан. Азыркы мезгилде Россияда А. м‑н С. Н. Андрияна, М. П. Митруч‑Хлебников, А. Д. Шмаринов ж. б. иштешет. | (адатта желим кошулат). Аны кадимки эле кагазда боёкторду сууда эзип алып, тегерек баштуу ''ж''е­''билге'' м‑н тартышат. Өтө жука боёлгон катмар­дын жумшактыгы ж‑а тунуктугу акварель живописи­нин эң маанилүү, өзгөчө касиети болуп эсепте­лет. Ак боёк ашыкча коюу боёк катары бул жерде колдонулбайт (аны бүт живопись аркы­луу көрүнүп турган кагаздын ак түсү алмашты­рып турат). Мындай сүрөт тартуу техникасы­нын мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен, ошону м‑н бирге кыйынчылыктары да бар. Кээ бир жетиш­пей калган жерлерин кайрадан түптамырынан бери оңдоп чыгуу көп учурда бул жерде мүмкүн болбойт. Кээде акварель тунук эмес, салыштырмалуу коюу ак боёктор м‑н тартылат, мындай учурда бул материалдын негизги касиети кескин өзгөрөт ж‑а ал ''гуаштын'' өзгөчөлүктөрүнө жакындайт. Таза акварель 15‑кылымдын башында кеңири пайдаланы­ла баштаган. Акварель боёгу тунук ж‑а сүрөттүн өңүнүн тазалыгы м‑н айырмаланат. 19‑кылымда көптөгөн өлкөлөрдүн ж‑а атайын сүрөт окуу жайлары­нын сүрөтчүлөрү (Э. Делакруа, О. Домье, П. Гав­рни, А. Менцель, И. Е. Репин, В. И. Суриков, М. А. Врубель) көбүнчө акварель жанрына кайры­лышкан. Азыркы мезгилде Россияда А. м‑н С. Н. Андрияна, М. П. Митруч‑Хлебников, А. Д. Шмаринов ж. б. иштешет. Санкт‑Петер­бургда В. Г. Старовдун акварелисттер мектеби, 1998‑ж. акварелисттер коому уюшулуп, жыл сайын эл аралык көргөзмөлөр өткөрүлөт. Кырг­ызстандын сүрөт искусствосунда акварель жанрына М. Өмүрку­лов («Студенттердин Москвадагы Бүткүл дүй­нөлүк 6‑фестивалынын делегаты»), А. Н. Ми­халев («Тянь‑Шань боюнча» акварель циклде­ри), С. Чокморов («Аксакалдардын отурушу», «Миндаль»), Р. Нудель («Кыргызстан бакчала­ры»), А. Турумбеков («Пейзаж», «Кечки Ленин­град»), ошондой эле А. Биймурзаев, О. Апсатаров, У. Аку­нов ж. б. кайрылышкан.<br>Ад.: Акварель. Альбом произведений художников Киргизии. Ф., 1975. ''М. Карыбекова.''<br> |
14:16, 4 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АКВАРЕЛЬ (итал. acguerella – суудагы боёк, лат. aqua – суу) – сууга эзилүүчү, оңой жуула турган боёк, ошондой эле аны м‑н тартылган живопись
(адатта желим кошулат). Аны кадимки эле кагазда боёкторду сууда эзип алып, тегерек баштуу жебилге м‑н тартышат. Өтө жука боёлгон катмардын жумшактыгы ж‑а тунуктугу акварель живописинин эң маанилүү, өзгөчө касиети болуп эсептелет. Ак боёк ашыкча коюу боёк катары бул жерде колдонулбайт (аны бүт живопись аркылуу көрүнүп турган кагаздын ак түсү алмаштырып турат). Мындай сүрөт тартуу техникасынын мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен, ошону м‑н бирге кыйынчылыктары да бар. Кээ бир жетишпей калган жерлерин кайрадан түптамырынан бери оңдоп чыгуу көп учурда бул жерде мүмкүн болбойт. Кээде акварель тунук эмес, салыштырмалуу коюу ак боёктор м‑н тартылат, мындай учурда бул материалдын негизги касиети кескин өзгөрөт ж‑а ал гуаштын өзгөчөлүктөрүнө жакындайт. Таза акварель 15‑кылымдын башында кеңири пайдаланыла баштаган. Акварель боёгу тунук ж‑а сүрөттүн өңүнүн тазалыгы м‑н айырмаланат. 19‑кылымда көптөгөн өлкөлөрдүн ж‑а атайын сүрөт окуу жайларынын сүрөтчүлөрү (Э. Делакруа, О. Домье, П. Гаврни, А. Менцель, И. Е. Репин, В. И. Суриков, М. А. Врубель) көбүнчө акварель жанрына кайрылышкан. Азыркы мезгилде Россияда А. м‑н С. Н. Андрияна, М. П. Митруч‑Хлебников, А. Д. Шмаринов ж. б. иштешет. Санкт‑Петербургда В. Г. Старовдун акварелисттер мектеби, 1998‑ж. акварелисттер коому уюшулуп, жыл сайын эл аралык көргөзмөлөр өткөрүлөт. Кыргызстандын сүрөт искусствосунда акварель жанрына М. Өмүркулов («Студенттердин Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк 6‑фестивалынын делегаты»), А. Н. Михалев («Тянь‑Шань боюнча» акварель циклдери), С. Чокморов («Аксакалдардын отурушу», «Миндаль»), Р. Нудель («Кыргызстан бакчалары»), А. Турумбеков («Пейзаж», «Кечки Ленинград»), ошондой эле А. Биймурзаев, О. Апсатаров, У. Акунов ж. б. кайрылышкан.
Ад.: Акварель. Альбом произведений художников Киргизии. Ф., 1975. М. Карыбекова.