Difference between revisions of "АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАЖРЫЙБА"
м (1 revision imported) |
|||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАЖРЫЙБА''' ‒ таалим-тарбия чөйрөсүндөгү өздөштүрүлгөн билимдин ж-а методикалык ыкмалардын жыйындысы. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбанын жардамы м-н үлгүлүү натыйжаларга жетишип, жаӊы, прогрессивдүү өнүгүүгө негиз түзүлөт. А.лдыңкы педагогикалык тажрыйбаны кеӊири колдонуу таалим-тарбия ишин тереӊ илимий негизде иштеп чыгууга ж-а жүзөгө ашырууга шарт түзөт. Аны ар тараптан талдоо, жалпылоо ж-а кеӊири жайылтуу социалдык ж-а педагогикалык орчундуу милдеттерди чечүүгө негиз болот. Топтолгон алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны тереӊ окуп-үйрөнүү, анын табылгаларын айкындоо м-н таалим-тарбиялык иштин жогорку таасирдүүлүгүнө жетүү жолдорун аныктоо, аны чыгармачылык м-н колдонууга киргизүү маанилүү талаптардан болуп саналат. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбага ээ болгон коллективдин ж-а адамдардын иши атайын маалымат булактары, илимий иликтөөлөр, жаӊычыл педагогикалык идеялардын көргөзмөсү ж-а лекторийлери өз ара тажрыйба алмашуу ж. б. аркылуу кеӊири жайылтылат.<br> | |||
13:02, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАЖРЫЙБА ‒ таалим-тарбия чөйрөсүндөгү өздөштүрүлгөн билимдин ж-а методикалык ыкмалардын жыйындысы. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбанын жардамы м-н үлгүлүү натыйжаларга жетишип, жаӊы, прогрессивдүү өнүгүүгө негиз түзүлөт. А.лдыңкы педагогикалык тажрыйбаны кеӊири колдонуу таалим-тарбия ишин тереӊ илимий негизде иштеп чыгууга ж-а жүзөгө ашырууга шарт түзөт. Аны ар тараптан талдоо, жалпылоо ж-а кеӊири жайылтуу социалдык ж-а педагогикалык орчундуу милдеттерди чечүүгө негиз болот. Топтолгон алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны тереӊ окуп-үйрөнүү, анын табылгаларын айкындоо м-н таалим-тарбиялык иштин жогорку таасирдүүлүгүнө жетүү жолдорун аныктоо, аны чыгармачылык м-н колдонууга киргизүү маанилүү талаптардан болуп саналат. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбага ээ болгон коллективдин ж-а адамдардын иши атайын маалымат булактары, илимий иликтөөлөр, жаӊычыл педагогикалык идеялардын көргөзмөсү ж-а лекторийлери өз ара тажрыйба алмашуу ж. б. аркылуу кеӊири жайылтылат.