Difference between revisions of "АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович"
м (Mariya moved page АКМАТАЛИЕВ 1 to АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан) |
м (Mariya moved page АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан to АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович) |
(Айырма жок)
|
14:07, 28 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан (15. 1. 1956‑ж. т., Нарын ш.) – адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору (1990), профессору (1991). КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (1999), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (2000), КРдин илим ж‑а техника б‑ча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2000, 2004).
1977‑ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1977‑78‑ж. Ош педагогикалык институтунда, 1978‑79‑ж. КМУда окутуучу, 1979‑жылдан КР УИАнын Тил ж‑а адабият институтунда кенже, 1983‑жылдан улук, жылдан жетектөөчү илимий кызматкер, 1992 94‑ж. Адабият жана искусство институтунун, 1995жылдан Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун директору. Акматалиевдин эмгектери манас таанууга, кыргыз фольклористикасына, айрыкча Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган. Анын эмгектери адабият таануу илиминде өздөштүрүлө элек жаңы тематикаларды ж‑а проблемаларды изилдеген. Эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немец, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. Акматалиевдин жетектөөсү м‑н кыргыздын бай фольклордук мурастарын камтыган «Эл адабияты» сериясынын 30 томдугу ж‑а «Манас» эпосунун академиялык басылышынын (С. Орозбаков ж‑а С. Каралаевдин варианттары б‑ча) 9 томдугу биринчи жолу жарык көрдү. Акматалиев түзгөн «Улуу инсандар», «Залкар акындар» сериясында Асан Кайгы, Кетбука, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек, Калмурза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Солтобай сыяктуу элдик таланттардын чыгармалары бар. «Комуз күүлөрү» аттуу 125тен ашык музыкалык мурастарды жаздырууга катышкан. Акматалиевдин жетекчилиги м‑н даярдалган «Кыргыз адабиятынын тарыхы» (7 томдук) КРдин К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгынына (2004) татыган.
Эмг.: Ч. Айтматов жана кыргыз‑казак адабий байланышы. Ф., 1981; Эгиз элдин обону. Ф., 1989; Чыңгыз Айтматов и взаимосвязи литератур. Ф., 1991; Байыркы орток түрк адабиятынын очерки. Б., 2001; Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар. Б., 2002. А Кадырмамбетова.