Difference between revisions of "АКВАРИУМ"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
(лат. aguarium, agua – суу) – 1) сууда жашоочу өсүмдүк ж‑а жаныбарларды өстүрүү ж‑а багуу үчүн атайын идиш. Багылуучу өсүм­дүк, жаныбардын жашоо шартына ыңгайланып, А‑дун түзүлүшү ж‑а формасы, өлчөмү ар түрдүү болот. Ал жалаң айнектен же каркасы металл, капталдары айнектен, кээде орг. айнектен жа­салат. Балыкты багуудагы зарыл шарттардын бири – А‑дагы суу ну кычкылтек м‑н каныкты­руу ж‑а зарыл туздун курамын камсыз кылуу. Сууну кычкылтек м‑н каныктыруу үчүн А‑га суу өсүмдүгүн салып, ага 1 суткада 10‑12 саат жа­рык жиберүү керек. Өсүмдүк жарыкта ''аквариум балыктары'' бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газ­ды сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат; суу­дан орг. ж‑а орг. эмес заттарды сиңирет. А‑дун түбүнө арык кумун таза жууп пайдаланса бо­лот. Өсүмдүктөрдөн суунун үстүндө калкып жүрүүчү сальвиния, суу салаты, суунун ортосун­да сүзүп жүрүүчү элодея, людвигия ж. б. суунун түбүндө тамырлануучу валлиснерия, жебе жал­бырак ж. б. пайдаланылат. Бөлмөдө А‑дун болу­шу абанын нымдуулугун жогорулатат. 2) Изил­дөө ж‑а көргөзүү максатында деңиз ж‑а тузсуз сууда жашоочу фауна ж‑а флора өкүлдөрүн кар­моочу атайын мекеме. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүн­дө бар. Деңиз жаныбарларын кармоо үчүн деңиз жээгинде жайгаштырылат. Мындай А. 1‑жолу 19‑к‑дын 2‑жарымында уюшулган (1871‑ж. Севастополдо, 1872‑ж. Неаполдо). Айрым деңиз A‑у океанириум деп аталат.<br> | '''АКВАРИУМ''' (лат. aguarium, agua – суу) – 1) сууда жашоочу өсүмдүк ж‑а жаныбарларды өстүрүү ж‑а багуу үчүн атайын идиш. Багылуучу өсүм­дүк, жаныбардын жашоо шартына ыңгайланып, А‑дун түзүлүшү ж‑а формасы, өлчөмү ар түрдүү болот. Ал жалаң айнектен же каркасы металл, капталдары айнектен, кээде орг. айнектен жа­салат. Балыкты багуудагы зарыл шарттардын бири – А‑дагы суу ну кычкылтек м‑н каныкты­руу ж‑а зарыл туздун курамын камсыз кылуу. Сууну кычкылтек м‑н каныктыруу үчүн А‑га суу өсүмдүгүн салып, ага 1 суткада 10‑12 саат жа­рык жиберүү керек. Өсүмдүк жарыкта ''аквариум балыктары'' бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газ­ды сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат; суу­дан орг. ж‑а орг. эмес заттарды сиңирет. А‑дун түбүнө арык кумун таза жууп пайдаланса бо­лот. Өсүмдүктөрдөн суунун үстүндө калкып жүрүүчү сальвиния, суу салаты, суунун ортосун­да сүзүп жүрүүчү элодея, людвигия ж. б. суунун түбүндө тамырлануучу валлиснерия, жебе жал­бырак ж. б. пайдаланылат. Бөлмөдө А‑дун болу­шу абанын нымдуулугун жогорулатат. 2) Изил­дөө ж‑а көргөзүү максатында деңиз ж‑а тузсуз сууда жашоочу фауна ж‑а флора өкүлдөрүн кар­моочу атайын мекеме. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүн­дө бар. Деңиз жаныбарларын кармоо үчүн деңиз жээгинде жайгаштырылат. Мындай А. 1‑жолу 19‑к‑дын 2‑жарымында уюшулган (1871‑ж. Севастополдо, 1872‑ж. Неаполдо). Айрым деңиз A‑у океанириум деп аталат.<br> | ||
11:55, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АКВАРИУМ (лат. aguarium, agua – суу) – 1) сууда жашоочу өсүмдүк ж‑а жаныбарларды өстүрүү ж‑а багуу үчүн атайын идиш. Багылуучу өсүмдүк, жаныбардын жашоо шартына ыңгайланып, А‑дун түзүлүшү ж‑а формасы, өлчөмү ар түрдүү болот. Ал жалаң айнектен же каркасы металл, капталдары айнектен, кээде орг. айнектен жасалат. Балыкты багуудагы зарыл шарттардын бири – А‑дагы суу ну кычкылтек м‑н каныктыруу ж‑а зарыл туздун курамын камсыз кылуу. Сууну кычкылтек м‑н каныктыруу үчүн А‑га суу өсүмдүгүн салып, ага 1 суткада 10‑12 саат жарык жиберүү керек. Өсүмдүк жарыкта аквариум балыктары бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газды сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат; суудан орг. ж‑а орг. эмес заттарды сиңирет. А‑дун түбүнө арык кумун таза жууп пайдаланса болот. Өсүмдүктөрдөн суунун үстүндө калкып жүрүүчү сальвиния, суу салаты, суунун ортосунда сүзүп жүрүүчү элодея, людвигия ж. б. суунун түбүндө тамырлануучу валлиснерия, жебе жалбырак ж. б. пайдаланылат. Бөлмөдө А‑дун болушу абанын нымдуулугун жогорулатат. 2) Изилдөө ж‑а көргөзүү максатында деңиз ж‑а тузсуз сууда жашоочу фауна ж‑а флора өкүлдөрүн кармоочу атайын мекеме. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Деңиз жаныбарларын кармоо үчүн деңиз жээгинде жайгаштырылат. Мындай А. 1‑жолу 19‑к‑дын 2‑жарымында уюшулган (1871‑ж. Севастополдо, 1872‑ж. Неаполдо). Айрым деңиз A‑у океанириум деп аталат.