Difference between revisions of "АК КАРАГАЙ"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |
|||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
(Abies) – кызыл карагайлар ту­кумундагы дарак өсүмдүгү. Бийикт. 30‑65 ''м,'' сөңгөгүнүн диаметри 2 | '''АК КАРАГАЙ''' (Abies) – кызыл карагайлар ту­кумундагы дарак өсүмдүгү. Бийикт. 30‑65 ''м,'' сөңгөгүнүн диаметри 2 мге чейин. Кабыгы агыш боз, жылмакай, 300‑350 ж. өсөт. Ийне жалбы­рактарынын уз. 2‑3 ''см,'' жоондугу 0,2‑0,3 ''см,'' бир үйлүү өсүмдүк, айрым жыныстуу. Мөмө берүүчү жаш тобурчагы – жашыл, бышканы – күрөң, уз. 10‑16 ''см.'' Уругу чоң, уз. 1 ''см''ге чейин. Тобурчагы эрте күздө бышып, уруктары күбүлүп түшөт. Тамыры терең; сөңгөктүү ж‑а бир нече күчтүү өөрчүгөн каптал тамырлары болот. Борб. Европа тоолорунда жапайы түрдө таралган. Кыргызстанда Семенов А. к. Батыш Теңир‑Тоонун реликт ж‑а эндем түрү. Кыргызстандын Кызыл ки­тебине катталган.<br> | ||
10:44, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АК КАРАГАЙ (Abies) – кызыл карагайлар тукумундагы дарак өсүмдүгү. Бийикт. 30‑65 м, сөңгөгүнүн диаметри 2 мге чейин. Кабыгы агыш боз, жылмакай, 300‑350 ж. өсөт. Ийне жалбырактарынын уз. 2‑3 см, жоондугу 0,2‑0,3 см, бир үйлүү өсүмдүк, айрым жыныстуу. Мөмө берүүчү жаш тобурчагы – жашыл, бышканы – күрөң, уз. 10‑16 см. Уругу чоң, уз. 1 смге чейин. Тобурчагы эрте күздө бышып, уруктары күбүлүп түшөт. Тамыры терең; сөңгөктүү ж‑а бир нече күчтүү өөрчүгөн каптал тамырлары болот. Борб. Европа тоолорунда жапайы түрдө таралган. Кыргызстанда Семенов А. к. Батыш Теңир‑Тоонун реликт ж‑а эндем түрү. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.