Difference between revisions of "АЙТЫМ КҮҮЛӨР"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙТЫМ КҮҮЛӨР''' – комуз күүлөрүндөгү ири жанрдын бири. Аткаруучу чыгарманын мазму­нун айтып, маанисин чечмелеп, ыр, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат ж‑a тууроо сыяк­туу каражаттарды колдонуу м‑н комуздун ж‑а кылкыяктын коштоосунда аткарат. Айтым күүлөргө жо­мок‑дастан күүлөр, тамсил күүлөр кирет. Айтым күүлөр акындардын репертуарынан да кезигет. Өзгөчө Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай, Жан­такпай, Эркесары сыяктуу атактуу комузчулар­дын репертуарында ж‑a чыгармаларында (мис., Ныязаалынын «Кара өзгөй», Токтогулдун «То­гуз кайрык», Атайдын «Ак тамак, Көк тамак», Эркесарынын «Сары барпы» ж. б.) Айтым күүлөр не­гизги орунду ээлеген. ''Б. Алагушов.''<br> | |||
15:59, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЙТЫМ КҮҮЛӨР – комуз күүлөрүндөгү ири жанрдын бири. Аткаруучу чыгарманын мазмунун айтып, маанисин чечмелеп, ыр, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат ж‑a тууроо сыяктуу каражаттарды колдонуу м‑н комуздун ж‑а кылкыяктын коштоосунда аткарат. Айтым күүлөргө жомок‑дастан күүлөр, тамсил күүлөр кирет. Айтым күүлөр акындардын репертуарынан да кезигет. Өзгөчө Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай, Жантакпай, Эркесары сыяктуу атактуу комузчулардын репертуарында ж‑a чыгармаларында (мис., Ныязаалынын «Кара өзгөй», Токтогулдун «Тогуз кайрык», Атайдын «Ак тамак, Көк тамак», Эркесарынын «Сары барпы» ж. б.) Айтым күүлөр негизги орунду ээлеген. Б. Алагушов.