Difference between revisions of "АК-ТӨР ТООСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
  '''АК-ТӨР ТООСУ Кичи''' Алай кырка тоосунун чыгыш айрыгы. Түндүгүнөн Талдык, Кум-Бел тоолору, чыгышынан Гүлчө өрөөнү, батышынан Кичи Алай, түштүгүнөн Каракол тоолору ж-а Кум-Бел ашуусу м-н чектешет. Уз. 50 ''км, ''эӊ жазы жери 11 ''км. ''Орт. бийикт. 3760 ''м, ''эӊ бийик жери 4503 ''м ''(Кум-Бел ашуусунун түштүгүндө). Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Батыш ж-а борб. бөлүктөрү зоокалуу. Чокуларын «түбөлүк кар», түн. капталдарын майда мөӊгүлөр ээлейт. Түн.-чыгышты карай капталдары жантайыӊкы тартып, кырлары кумпа сымал формага өтөт. Жылгаларында шагыл, ири таш сыныктары көп кездешет. Түш. капталдары тик, кыска ж-а борчуктуу, түндүгү узун келип, фирн талаалары ээлейт. Тоодо Ак-Төр, Кум-Бел, Кош-Бел ашуулары бар. Негизинен бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа, талаа (3200‒3600 ''м ''бийиктикте) ж-а гляциалдык-нивалдык (3600‒4000 ''м'') ландшафт алкактары мүнөздүү.<br>
  '''АК-ТӨР ТООСУ''' Кичи Алай кырка тоосунун чыгыш айрыгы. Түндүгүнөн Талдык, Кум-Бел тоолору, чыгышынан Гүлчө өрөөнү, батышынан Кичи Алай, түштүгүнөн Каракол тоолору ж-а Кум-Бел ашуусу м-н чектешет. Уз. 50 ''км, ''эӊ жазы жери 11 ''км. ''Орт. бийикт. 3760 ''м, ''эӊ бийик жери 4503 ''м ''(Кум-Бел ашуусунун түштүгүндө). Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Батыш ж-а борб. бөлүктөрү зоокалуу. Чокуларын «түбөлүк кар», түн. капталдарын майда мөӊгүлөр ээлейт. Түн.-чыгышты карай капталдары жантайыӊкы тартып, кырлары кумпа сымал формага өтөт. Жылгаларында шагыл, ири таш сыныктары көп кездешет. Түш. капталдары тик, кыска ж-а борчуктуу, түндүгү узун келип, фирн талаалары ээлейт. Тоодо Ак-Төр, Кум-Бел, Кош-Бел ашуулары бар. Негизинен бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа, талаа (3200‒3600 ''м ''бийиктикте) ж-а гляциалдык-нивалдык (3600‒4000 ''м'') ландшафт алкактары мүнөздүү.<br>

17:13, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АК-ТӨР ТООСУ  Кичи Алай кырка тоосунун чыгыш айрыгы. Түндүгүнөн Талдык, Кум-Бел тоолору, чыгышынан Гүлчө өрөөнү, батышынан Кичи Алай, түштүгүнөн Каракол тоолору ж-а Кум-Бел ашуусу м-н чектешет. Уз. 50 км, эӊ жазы жери 11 км. Орт. бийикт. 3760 м, эӊ бийик жери 4503 м (Кум-Бел ашуусунун түштүгүндө). Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Батыш ж-а борб. бөлүктөрү зоокалуу. Чокуларын «түбөлүк кар», түн. капталдарын майда мөӊгүлөр ээлейт. Түн.-чыгышты карай капталдары жантайыӊкы тартып, кырлары кумпа сымал формага өтөт. Жылгаларында шагыл, ири таш сыныктары көп кездешет. Түш. капталдары тик, кыска ж-а борчуктуу, түндүгү узун келип, фирн талаалары ээлейт. Тоодо Ак-Төр, Кум-Бел, Кош-Бел ашуулары бар. Негизинен бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа, талаа (3200‒3600 м бийиктикте) ж-а гляциалдык-нивалдык (3600‒4000 м) ландшафт алкактары мүнөздүү.