Difference between revisions of "АДАМДЫН СОЦИАЛДЫК УКУКТАРЫ"
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАМДЫН СОЦИАЛДЫК УКУКТАРЫ''' – мамлекеттин белгилүү шарттарда адамга кайсы бир даражада материалдык убай көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү конституциялык укуктарынын жыйындысы. А. с. у‑на социал. камсыздоо, билим алуу, саламаттыгын сактоо, мед. жардам алуу, турак жайга болгон укуктары, балдар м‑н энелердин, майыптардын өзгөчө укуктары кирет. А. с. у. конституциялык деңгээлде дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө бекитиле элек. Алар алгач азыркы көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин конституцияларында бир кыйла толугураак жарыяланган. Айрым өнүккөн демокр. (ГФР, Франция, Италия), о. эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө (Монголия, Болгария, Венгрия, Албания, Бириккен Египет Республикасы ж. б.) конституциялык деңгээлде экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана бекемделе баштаган, бирок алардын реалдуу гарантиялары, сот тарабынан корголушу көрсөтүлгөн эмес. А. с. у. өз алдынча болбостон конституциялардын социал., экон. саясатынын негизги принциптерине арналган айрым бөлүктөрүндө жайгаштырылган. | |||
''М. Керимбаев.''<br> <br> | |||
16:54, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АДАМДЫН СОЦИАЛДЫК УКУКТАРЫ – мамлекеттин белгилүү шарттарда адамга кайсы бир даражада материалдык убай көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү конституциялык укуктарынын жыйындысы. А. с. у‑на социал. камсыздоо, билим алуу, саламаттыгын сактоо, мед. жардам алуу, турак жайга болгон укуктары, балдар м‑н энелердин, майыптардын өзгөчө укуктары кирет. А. с. у. конституциялык деңгээлде дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө бекитиле элек. Алар алгач азыркы көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин конституцияларында бир кыйла толугураак жарыяланган. Айрым өнүккөн демокр. (ГФР, Франция, Италия), о. эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө (Монголия, Болгария, Венгрия, Албания, Бириккен Египет Республикасы ж. б.) конституциялык деңгээлде экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана бекемделе баштаган, бирок алардын реалдуу гарантиялары, сот тарабынан корголушу көрсөтүлгөн эмес. А. с. у. өз алдынча болбостон конституциялардын социал., экон. саясатынын негизги принциптерине арналган айрым бөлүктөрүндө жайгаштырылган.
М. Керимбаев.