Difference between revisions of "АГА ХАН IV"
Jump to navigation
Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
, п р и н ц К а р и м ш а х (13. 12. 1936-ж. т., Швейцария, Женева ш.) ‒ шиит-исмаилит мусулмандарынын 49-мураскер имамы (1957-жылдан). Ага хан IV Мухаммед пайгамбардын бир тууганынын уулу, күйөө баласы Али ибн Абу Талиб ж-а кызы Фатима аркылуу пайгамбардын тике мурасчысы катары саналат. Ал чоӊ атасы Ага Хан III Султан Мухаммад Шахтын ишин улантып, коомдук ж-а саясий иштерге жигердүү катышууда. Ага Хан IV калктын жашоо шартын жакшыртуу, жакырчылыктан чыгууга көмөк көрсөтүү, коомдук уюмдарды уюштуруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү ж-а мадания т тармактарында, о. эле алыскы аймактардын экономикасын өнүктүрүү маселелерин ишке ашыруу б-ча тогуз агентстводон турган «Ага Хан өнүктүрүү тармагынын» негиздөөчүсү ж-а төрагасы. Бул агентстволор программала
рын эл арасында улутуна ж-а динине карабастан ишке ашырышат. Ага Хан IV Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары м-н 1995-ж. келген. 2001-ж. КР м-н Исмаилиттер имаматынын ортосунда Кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөн. Натыйжада «Ага хан өнүктүрүү тармагынын» Кыргызстандагы
өкүлчүлүгү 2005-жылдан Бишкекте иш жүргүзө баштаган. А. Х-дын колдоосу м-н 2000-ж. дүйнөдөгү биринчи эл аралык артыкча укугу бар Борб. Азия Ун-ти (БАУ) уюшулган. БАУнун ун-т шаарчалары Нарында (Кыргызстан), Хорогдо (Тажикстан), Текелиде (Казакстан), о. эле Ош ш-нда Ага Хан орто мектеби (2002) ачылган.