Difference between revisions of "ВЬЕТНАМ мамлекетин кошумча."

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 1970-жылдардын аягынан баштап вьетнам-кытай мамилелери курчуган. 1978-ж. жайында Пекин В-га экон. жардамын токтотуп, В-дагы кытайлык адистерди чакыртып алган. 1978-жылдын декабрь айында Кытай өз аймагы аркылуу В-га ж-а В-дан темир жол аркылуу жүк ташууга тыюу салган. 1979-ж. Кытай  ВСРге кол салып, Лангшон ж-а Каобанг сыяктуу ири шаарларын, чек ара уезддерин басып алган. Совет өкмөтү ВСРге чечкиндүү жардам көрсөткөн ж-а  1979-ж. 18-февралда ВСРдин аймагынан Кытай аскерлеринин токтоосуз чыгып кетишин талап кылган билдирүү жасаган. Натыйжада 1979-ж. 5-мартта Кытай ВСР аймагынан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок, чыр-чатак туудурган Түш. Кытай деңизиндеги талаштуу аралдар (Парасель ж-а Спратли) чечилбеген бойдон калган, аларды эки өлкө тең өзүбүздүн аймак деп эсептешет. 1991-ж. ноябрда В. КП БКнын Генералдык секретары До Мыой Кытайга тарыхый сапар м-н барып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер нормалдаштырылган. Бул соода-экон. байланыштардын тез өнүгүшүнө шарт түзгөн. 

1990-жылдан ВСР м-н АКШнын ортосундагы мамилелер жакшырган: 2000-ж. июлда эки тараптуу соода келишимине кол коюлган (2001-жылдын декабрь айында күчүнө кирген), ошол эле жылдын ноябрь айында АКШ президенти Уильям Клинтон биринчи жолу СРВга барган. 2016-ж. АКШ президенти Барак Обама В-га курал жеткирүүгө Американын эмбаргосу алынып салынгандыгын билдирген. 1995-ж. В. Түш.-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН), ал эми 2007-ж. Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кошулган.