Difference between revisions of "БЕЛЬГИЯНЫН тарыхына кошумча."

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 1940–44-ж. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда немецтер Б-ны басып алышкан. Өкмөт Англияга качып кетет, падыша Леопольд III Германияга сүргүнгө айдалган, ал 1940-ж. 28-майда Багынып берүү ж-дө актыга кол койгон. 1944-ж. 3-сентябрда Брюссель англия аскерлери тарабынан бошотулган. 1945-ж. королдук бийликтин легитимдүүлүгү ж-дө маселе көтөрүлүп, 1940-ж. Багынып берүү ж-дө актыга кол койгондугуна байланыштуу король Леопольд IIIнү өлкөнүн тургундары айыпташкан. Натыйжада, королдук такты Леопольд IIIнүн уулу Бодуэнге (1993-ж. король Бодуэн көз жумган соң, анын иниси Альберт II такты мураска ээ болгон) өткөн. 1949-ж. Б. НАТОго, 1957-ж. Б. Европа экон. шериктештигине (ЕЭС) кошулган. 1967-ж. НАТОнун баш кеңсеси Б-га көчүп келген. 

1960-жылдардын башында «улуттук-лингвистикалык» карама-каршылыктардын курчушу этностор аралык жаңжалга айланып, мамлекеттин кыйрап калуу коркунучун туудурган. Кырдаалдын олуттуулугунан улам Б-нын башкаруучу чөйрөлөрү өлкөнү унитардык мамлекеттен федералдык мамлекетке айландырууга багытталган реформаларды баштоого аргасыз болгон. 1963-ж. августта француз, фламанд ж-а немец тилдеринин жайылышынын чектерин кайра карап чыгуу б-ча мыйзам кабыл алынып, Брюссель ш-нын атайын (эки тилде) макамы бекитилген. 1970-ж. декабрда мамл. реформа башталган, анын максаты Б. мамлекетинин жаңы субъектилерин түзүү ж-а аларга кеңири маселелерди өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү болгон. 1988-ж. ал конституциялык реформа м-н толукталган. Б-ны мамл. кайра куруу процесси 1994-ж. февралда, король Альберт II тарабынан Конституциянын жаңы редакциясына кол коюлушу м-н аяктаган. Б. федералдык мамлекетке айланып, төрт лингвистикалык (тилдик) облуска (фламанд, валлон, немец ж-а эки тилдүү Брюссель) бөлүнгөн, анда эки типтеги федералдык субъекттер – экон. региондор (фламанд, валлон ж-а брюссель) ж-а этникалык жамааттар (фламанд, француз ж-а немец тилдүү) параллелдүү иштеген. О. эле өкмөттү түзүү процессинде ар кандай лингвистикалык топтордун тең укуктуулук принциби орнотулган. Региондор ж-а жамааттар өздөрүнүн мыйзам чыгаруучу ж-а аткаруучу бийлик органдарын түзүү укугуна ж-а экон., мад-т, билим берүү ж. б. маселелерде автономияга ээ болушкан. 1970–90-ж-дагы реформалар Б-ны негизинен консолидациялоого мүмкүндүк берген.
2003-ж. Б. бир жыныстагы никени мыйзамдаштырган дүйнөдөгү экинчи мамлекет болуп калды (Нидерландыдан кийин). 2006-ж. Б. - Европадагы Коопсуздук ж-а кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасы. 2008-ж. Б-нын премьер-министри Ив Летерм ири бельгиялык «Fortis» финансы компаниясынын сатылышына байланыштуу ызы-чуудан улам кызматтан кетип, анын ордун фландриялык христиан-демокр. партиясынын лидери Херман ван Ромпёй ээлеген. Херман ван Ромпёйдин жаңы өкмөтүнө мурунку президент жетектеген ошол эле беш саясий партиянын өкүлдөрү кирген. 2010-жылы кезексиз парламенттик шайлоо болуп, бирок өкмөт түзүлгөн эмес. Б. өкмөтсүз 540 күндү белгилеп, ошону менен дүйнөлүк рекорд койгон. 2011-ж. Элио ди Рупо башында турган жаңы министрлер кабинети королго ант берген. 2012-жылдын октябрь айында Б-да регионалдык шайлоо өткөрүлүп, радикалдык маанайдын өсүшүн көрсөткөн. 2013-ж. король Альберт II тактыдан баш тартып, анын уулу Филипп тактыга отурган. 2014-ж. мамл. реформаларды жүргүзүү ж-дө мыйзам күчүнө кирип, ага ылайык аймактарды каржылоо тутумуна өзгөртүүлөр киргизилген. 2015-ж. өсүп жаткан террордук коркунучтардан улам Б-да коопсуздукту күчөтүү чаралары киргизилген. 2019-ж. Б-нын федеративдик өкмөтүнүн тарыхында биринчи аял премьер-министр С. Вилмес шайланган. 2019–20 жылдардагы COVID-19 пандемиясы учурунда Вильмес өкмөтү оппозициянын колдоосуна ээ болуп, санитардык кризистен чыгуу үчүн федералдык деңгээлде атайын ыйгарым укуктарга ээ болгон. 2020-ж. 17-мартта Вильмес өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын король Филипп бекиткен.