Difference between revisions of "ДӨНӨНБАЕВ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
new2022_2vol>KadyrM |
(Айырма жок)
|
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
Алим (1940-ж. т., Чүй обл. , Кемин р-ну, Кичи-Кемин айылы) – саясат таануучу, саясат таануу ил. доктору (2006), проф. (2000). 1964-ж. В. И. Ленин атн. Ташкент мамл. ун-тти бүткөн. КРдин билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери. 1968–76-ж. Финансы-өндүрүштүк ин-тунун философия кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, 1983–97-ж. чыгыш таануу бөлүмүнүн секторунун башчысы, этнография бөлүмүнүн ил. кызматкери, экономика ж-а саясат таануу бөлүмүнүн башчысы, КР УИАсынын Чет өлкөлүк саясий-экон. тажрыйбалар ин-тунун директору, 1997–2000-ж. КР Президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык ин-тунун директору, 2000–08-ж. Ж. Баласагын атн. КУУнун алдындагы Интеграциялык эл аралык билим берүү программалар ин-тунун профессору, 2009-ж. Б. Н. Ельцин атн. КРСУнун эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы. «Эл аралык мамилелердин саясий маданияты» теориялык концепциясынын автору. 175тен ашуун ил. ж-а методикалык эмгектин (а. и. 10 монография, 4 окуу китеби) автору. Эмг.: «Международные отношения и политическая культура» (2002); «Нация государство» и политическая культура» (2002); «Кыргызстан. Политическая культура. Человек и государство» (2002).