Difference between revisions of "АВИАНОСЕЦ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 – авиация жүктөп жүрүүчү согуш кемеси; жогорку манёврдүү сүзүп жүрүүчү авиациялык чоң база. А-тин душманга каршы негизги куралы – палубадагы авиация (самолёттор ж-а вертолёттор), ал ядролук ж-а жөнөкөй дүрмөттүү ракета, бомба ж-а торпедалар м-н куралданган. А-ти мина жүктөгөн крейсерлер, фрегаттар, десанттык, башкаруучу кемелер, согуш  кемелери  ж. б. жардам  көрсөтүүчү 


кемелер коштоп жүрөт. Учуучу аппараттарды жүктөгөн А-тердин палубасы атайын самолёттун учуп-конуусуна ылайыкташкан. Биринчи учма аппараттарды жүктөгөн кемелер 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында француз ж-а орус флотторунда колдонулган. 1-дүйн. согушта гидросамолётторду (сууда да сүзө турган) жүктөгөн ангарлуу кемелердин бортуна сууга түшүрүп-көтөрмө курулмалар (гидроавиотранспорт) орнотулган. Кемеге 12 самолёт жүктөгөн. Россияда 1915-ж. авиация жүктөгөн транспорт– кемелер үчүн 4 пароход ж-а “Алмаз” крейсери жабдылган. 1918-ж. биринчи жолу англ. жүк ж-а жүргүнчү ташыган “Аргус” кемеси самолёттун учуп-конушуна ылайыкташып жабдылган. 1-дүйн. согуштан кийин Улуу Британия, Франция, АКШ ж-а Японияда курулуп бүтө элек линкорлор м-н крейсерлерди атайын долбоор б-ча самолёттун учуп-конуусуна ылайыктап кура баштаган. 2-дүйн. согуштун алдында англ., франц., амер. ж-а япониялык флоттордо бардыгы 19 авионосец болсо, согуштун жүрүшүндө алардын саны 169ка жеткен. А-тер колдонулушуна жараша суу үстүндөгү согуш кемелери м-н суу астындагы кайыктарды талкалоочу жөнөкөй А. ж-а атомдук А. болуп бөлүнөт. Сокку уруучу А-тер душмандын кургактагы аскер объектилерин, деңиз базаларындагы кораблдер м-н кемелерин алыстан атып талкалап, жок кылуу, деңиздик десант аскерлерин түшүрүүнү камсыз кылып, океан, деңиздердеги аскер коммуникацияларын коргоого алат. А-тердин салмагы (сууга сыйымдуулугу) ж-а колдонулушу б-ча оор (60–100 самолёт жүктөгөн амер. “Иорктаун”, “Эссекс”, япон. “Сорю”, “Сёкаку”; англ. –“Имплэкебл”) ж-а флотту аба чабуулунан ж-а сууга коюлган миналарда коргоочу–жеңил (25–50 самолёт жүктөгөн; амер. “Индепенденс”, япон. “Сёхо”, англ. “Колосус”) А-терге бөлүнөт. 1941–45-ж. Тынч океанда болгон согуш компанияларында А-тер флоттун негизги сокку уруучу күчү болгон. 1950-жылдан баштап А-терге ядролук курал жүктөгөн самолёттор кондурула баштаган. 1961-ж. АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүндө (АДК) биринчи жолу атомдук А. “Энтерпрайз”, 1975-ж. “Честер У. Нимиц”, ал эми кийин 1998 ж. 8 атомдук “А.”кошулган. 21-к-дын башында дүйнөнүн 9 өлкөсүнүн АДКта А-тер бар, анын көпчүлүгү АКШда, ал анын согуштук-саясий кызыкчылыктары үчүн бүткүл дүйнө б-ча колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда Улуу Британия, Италия ж-а Франциянын аскер деңиз күчтөрүнүн вертолётоносецтери бар, алар суу астындагы миналарды жок кылууга багытталган. Вертолёносецтердин суудагы салмагы 15 миң т га чейин, алар бортуна 20–32 вертолёт жүктөй алат. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн курамында десант аскерлерин жүктөгөн вертолётоносецтеринин (универсалдуу десант корабилдери) салмагы 40,5 миң т.га чейин, ал тик уча турган 42 вертолёт, 10 чакты самолёт алып жүрө алат, анда курал-жарак ж-а тийиштүү аскер техникалары м-н жабдылган 1800 адам кызмат кылат. РФ Аскер-деңиз күчтөрүнүн катарына 1970-ж. орто салмактагы “Киев”, “Новороссийск” ж. б. А-тер кошулган. Ошондой эле Россия аскер-деңиз күчтөрүнүн эң чоң А-ти –ТАКР “Советтер Союзунун флот адмиры Кузнецов”, анын салмагы 10 миң т. чейин, ылдамдыгы 30 узл. 1-том