Difference between revisions of "АМОНТОН"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
new2022>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
(Amontons) Гийом (Гильом; 1663, Париж – 1705, ошол эле жер) – франциялык физик ж-а геофизик. Париж ИАнын мүчөсү (1699). Өзгөчөлөнгөн бир нече геофизикалык аспаптарды, гигрометр, барометр, газ термометрлерин ж. б-ды конструкциялаган. Темп-ранын абс. нөл түшүнүгүн киргизген. Абанын басымы м-н темп-ранын серпилгичтигин байланыштырган. Абанын, сымаптын ж. б. телолордун жылуулуктун таасиринен кеңейгенин байкаган. Катуу телолор бири-бири м-н сүрүлүшкөндө алардын жылышаарын изилдеп алгачкы законун ачкан (1699). Ал закон “Амонтон закону” деп аталган. Тирүү организмдердин механикалык кыймылын ж-а ага кеткен күчтү ченөө м-н да алектенген.