Difference between revisions of "АККРЕДИТАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

билим берүү мекемелеринин өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнө мамл. үлгүдөгү таалим-тарбия берилгендиги тууралуу документ тапшыруу укугун, борборлошкон мамл. каржылоо системасына кирүү укугун, адистерди контракттык негизде даярдоо укугун алуу. А. – окуу жайдын кайрылуусу б-ча мамлекеттик,  мамлекеттик эмес ж-а  жеке менчик атайын органдар тарабынан жүргүзүлөт. А. процессинин этаптары: 1) окуу жайдын бардык ишмердүүлүгү же айрым билим берүүчү программалар б-ча окутуучулар, кызматкерлер, администрация тарабынан даярдалган өздүк баалоо процесси. Өздүк баалоонун натыйжасы аккредитациялоо органы тарабынан сунушталган стандарттын ж-а  критерийлердин негизинде отчёт түрүндө даярдалат; 2) А. жүргүзүүчү органдын эксперттери окуу жайга келип, отчёттун мазмунунда көрсөтүлгөндөрдү реалдуу жүргүзүлгөн иштер м-н салыштырат. Администрация, окутуучулар, студенттер, иш берүүчүлөр м-н баарлашып, жыйынтыктарды такташат; 3) эксперттик комиссия алынган жыйынтыктардын негизинде окуу жайдын ишмердүүлүгүнө баа берет. Анда окуу жайдагы  иштердин ийгиликтери ж-а кемчиликтери көрсөтүлүп, билим берүү процессин андан ары улантуу же айрымдарын токтотуу ж-дөгү чечим чыгарылат.