Difference between revisions of "АРЧАЛЫ МАРГАНЕЦ КЕНИ"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
Нарын обл-нда,
Нарын ш-нан 50–60 км түн.-чыгыш тарапта,
Жетим кырка тоосунун түндүгүндөгү Арчалы суусунун сол жээгинде. 1956-ж. табылган. Кен
жаткан жерде байыркы казындылар бар. Кендин аймагын кембрий мезгилинде пайда болгон
акиташ теги, сланец, кремний, ордовикке таандык сланец, яшма ж-а палеоген-неогендин конгломерат, кумдук, чопо тектери түзөт. Негизги
минералдары: браунит, гаусманит, псиломелан,
гематит, лимонит ж. б. Кен жанар тоо-чөкмө
жолу м-н пайда болуп, линза, тарам, уяча түрүндө ордовиктин гематит-кремнийлүү сланец
ж-а яшмадан турган тоо тектеринде топтолгон.
Кенташ (руда) кабатчаларынын калындыгы 30–
40 м, уз. 100–150 мге жетет, андагы марганец
орто эсеп м-н 10%. 100 м тереңдикке чейинки
кенташтын болжолдуу ресурсу 2100 миң т, марганец металлыныкы – 210 миң т.