Difference between revisions of "АРХЕОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– зат түрүндөгү байыркы археологиялык булактарды иликтеп таануу. Ал бир канча баскычтан турат: археол. чалгындоо, эстеликти казуу, табылгаларды иреттөө, доорун аныктоо ж. б. Археол. казуу мезгилинде буюмдарды аныктоодо, диний ырым-жырымдарды археол. табылгалардын негизинде иликтөөдө, эстеликтин этностук тиешелүүлүгүн тактоодо тарыхый, этногр., лингвистикалык, фольклордук маалыматтар м-н салыштыруу А. и-нүн зарыл баскычы. Буюмдун кайсы доорго тиешелүү экендигин тактоодо табигый илимдердин жетишкендиктерин колдонуп, калий-аргондук, радиокөмүртектик, дендохронология методу м-н аныктоо анализи жүргүзүлөт; ар кайсы жерден алынган металл буюмдар тобун спектрдик анализден өткөрүп, металлдагы кошулмалардын курамын, кайсы жердеги кенден жасалгандыгын билүүгө болот. Адамдын баш сөөгүнүн өзгөчөлүгүнүн негизинде антропологдор жынысын, жашын, расасын так аныктай алышат, айрым учурда кайсы тараптан ооп келген этномаданий топ экендигин аңдоого да болот. Тарыхты окуп-үйрөнүүдө А. и-лөрдүн мааниси зор. Адам зат коомунун алгачкы баскычынан тартып о. кылымдарга, жаңы мезгилге чейинки өнүгүү мерчемдери, материалдык ж-а рухий мад-ттын өнүгүшү, байыркы ж-а о. кылымдардагы алардын коңшу аймактардагы элдер м-н болгон көп кырдуу байланыштары өңдүү маселелерди чечмелөөдө А. и-нүн мааниси зор. Кырг-нда А. и-лөр 19-к-дын ортосунан тартып жүргүзүлгөн (к. Археология).
К. Табалдиев