Difference between revisions of "АРАБДАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(өздөрүн аль-араб деп аташат) – Жакынкы Чыгыш ж-а Түн. Африка мамлекеттеринде жашаган семиттик этно-лингвистикалык топтогу эл­. Саны 430–450 млндой киши (2010). Арабча сүйлөшөт ж-а араб жазуусун колдонушат. Дини – ислам. Мусулман-сунниттер басымдуулук кылат, христиан А. (Ливан православдары ж-а марониттер, Ливан, Сирия, Иордания мелькиттери) ж-а мусулман-шииттер (Иран, Ирак, Сирия, а. и. друздар ж-а нусайриттер, Ливан, Кувейт, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Йеменде, ибадиттер Түн. Африка ж-а Персия булуңундагы араб өлкөлөрүндө) да бар. Эң көп арабдар Азияда ж-а Африкада жашашат. Африкада: мавританиялыктар (Мавритания), сахаралыктар (Батыш Сахара), марокколуктар (Марокко), алжирликтер (Алжир), тунистиктер (Тунис), ливиялыктар (Ливия), судандыктар (Судан), египеттиктер (Египет), шува (Нигерия, Чад, Камерун, Борб. Африка Респ-сы, Судан); Азияда: палестиналык А. (Палестина тургундары, Иордания, Ливан, Сирия ж. б. өлкөлөрдөгү качкындар), израилдик А. (Израиль), ливандыктар (Ливан), иорданиялыктар (Иордания), сириялыктар (Сирия), ирактыктар (Ирак), ахваздар (Иран), кувейттиктер (Кувейт), бахрейндиктер (Бахрейн), эмираттыктар (БАЭ), йемендиктер (Йемен), катарлыктар (Катар), омандыктар (Оман), саудовдуктар (Сауд Арабиясы). Мындан тышкары А. Түркия, Өзбекстан, Афганистан, Индонезия, Индия (гуджараттык А.), Пакистан (пакистандык А. ирактык А.), Сингапур, Филиппин ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. О. эле Батыш Европада, Россияда, Түн. ж-а Түш. Америкада, Англияда, Батыш ж-а Түш. Африкада, Австралияда, Японияда, Түш. Кореяда, Малайзияда, Монголияда эмигрант А. да бар. алардын көпчүлүгү Францияда (6–8 млн).
АРАБДАР 25.png

А-дын ата-бабалары ката­ры Аравия ж. а-нын байыркы уруулары (бедуиндер) эсептелет. 7-к-да ислам дининин пайда болушу ж-а Араб халифатынын түзүлүшү м-н Аравиянын мурдагы чачкын урууларынын биригүүсүнө алып келген. 7-к-дын башынан А-дын басып алуулары башталып, отуз жылдын ичинде Сирия, Палестина, Египет, Иран, О. Азия, Закавказье ж-а Түн. Африканы каратып алышат. А-дын эң зор мамлекети – Араб халифа­ты түзүлүн, Атлантика океанынан Индияга, О. Азиядан Борб. Африкага чейинки мамлекеттерге үстөмдүк кылган. Азыркы А-дын этникалык негизин жеңип алган өлкөлөрдүн байыркы калктары арамейлер, финикиялыктар, египеттиктер, ливиялыктар м-н аралашуусунун натыйжасында түзүлгөн. Кийин Араб халифаты кулап, анын ордуна бир катар араб мамлекеттери: Палестина, Сирия, Ливан, Ирак, Египет ж-а Түн. Африка өлкөлөрү пайда болгон. 19-к-да Осмон империясынын кулашы, 20-к-да европалык колониячыларга каршы улуттук-боштондук күрөш А-дын саясий бопггондугуна ж-а улут­тук биримдиктин чыңдалышына алып келди. А. үч чоң топко бөлүнөт: көчмөн малчылар (бедуиндер), дыйкан фермерлер (феллахи), айыл ж-а шаар тургундары. Мындан тышкары дарыя дельталарында, Кызыл, Жер Ортолук деңиздеринин жээгинде жашап, балык уулоо м-н алектенишкен А-дын бир нече чакан тобу. Көчмөн ж-а жарым көчмөн А. – бедуиндер мал чарбачылык (негизинен төө багышкан) м-н кесип кылып, кара жүндөн жасалган (көбүнчө эчкиники) чатырларда, ал эми отурукташкан А. дыйканчылык м-н кесиптенишип, сырты дубал м-н курчалган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. А-дын арх-расы ж-а жасалга-колдонмо өнөрү өтө өнүгүп, дүйнөлүк мад-тка зор таасирин тийгизген. А. фута (кенен белдемчи), жеңсиз, кенен кемсел, узун көйнөк кийишип, эркектери башына чалма оронушат. Аялдары асем кооздук буюмдарды тагынышып, көпчүлүк жерлерде жүзүн жаап жүрүшөт, денесине сүрөт чектирип, боёп да алышат. Бедуиндердин тамак-ашы – төөнүн сүтү, күрүч, арпа, буудай, таруу ж-а жүгөрү наны, о. эле курма. Майрамдарда эт азыктарын пайдаланышат. Бедуиндердин жакшы көргөн суусундуктары – чай ж-а кофе. Мусулман А. ислам эрежелерин сакташып, ыйык рамазан айында орозо кармашат, о. эле алкоголдук ичимдиктерге ж-а чочко этине тыюу салынган.
Ш. Керимова.