Difference between revisions of "АҢЧЫЛЫК"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– эт, тери, май ж. б. алуу максатында ар түрдүү куралдардын жардамы м-н
жапайы айбанат ж-а илбээсин уулоо. А. адамдын байыртадан эле жашоо-тиричилик булаты
болуп келген. Алгачкы адамдар А-ка чогуу (топтошуп) чыгып, таш, таш балта, найза сымал
курал пайдаланышкан. Тарыхта А. ар бир элдин тиричилигинде ар түрдүү мааниге ээ болгон.
Эл жашаган чөйрөгө, токойлорго ж-а жаныбарларга карата өнүккөн. Түн. элдеринде б. з. ч. 1-
миң жылдыкта эле деңиз жаныбарларына кайык м-н, жээктен, муз үстүндө А. кылуу белгилүү. Тайга м-н тундрада ит ж-а тутма курал
м-н А. таралган. Азиянын көчмөн элдерине атчан алгыр куш салуу мүнөздүү болгон. Индонезия ж-а Түш. Америкада үйлөмө куралдар, ал
эми тропик токойлорунда жашаган элдер жаа
ж-а найза колдонушкан. Кыргыздар башка түрк
элдериндей эле илгертен мал чарбасы м-н А-ты
кесип кылып келген. Негизинен мылтык, аңчы
ит (тайган, лайка ж. б.), алгыр куштардын
жардамы м-н А. кылынат, о. эле капкан, кылтак ж. б. колдонулат. А. кылуунун көп ыкмалары бар. Аларга мылтык атып, из кууп аң
уулоо; өңүткө туруу (мис., айбанат ийининин
жанына, сууга келчү жолуна, түнөгүнө ж. б.);
айбанаттын ийинин казуу, түтөтүү же суу толтуруу; үн салып чакыруу (мис., үнүн тууроо);
айдоо (мис., кайберенди өңүттөгү мергенчини
көздөй) ж. б. A-та тутма куралдар да пайдаланылат. Мындай куралдар, мис., капкан, тузак
ж. б. ийиндин оозуна, айбанаттар өтүүчү жолго, суу ичүүчү жерге ж. б. коюлат. Азыркы мезгилде А. шарттуу түрдө үчкө бөлүнөт.
ПромыселдикА.
– аңчылыктын негизин түзөт. Максаты – куну териси, кайберен эти м-н өнөр жайды, калкты камсыз кылуу ж. б.
СпорттукА.
– куну айбанат, кайберен, илбээсин кармоодон тышкары аңчынын ыкчамдыгын, чыйрактыгын ж. б. арттырат, о. эле эс
алууда да чоң мааниге ээ. И л и м и й А. – промыселдик фаунаны, алардын ылаңдарын ж. б. изилдөө үчүн ил. мекемелер тарабынан жүргүзүлөт. Азыркы А-тын өөрчүшү табиятты үнөмдүү пайдалануу ж-а табиятты коргоо маселелерине байланыштуу мамл., о. эле мамлекет аралык планда чечилет. О. эле к. Биотехния.