Difference between revisions of "АНЫКТАМА"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
, дефиниция (лат. definitio -
аныктама) – адатта терминдин мазмунун ачуу максатында анын олуттуу белгилерин таап, санап чыгуу м-н кыска так түшүндүрүлүшү, таанып билүү натыйжаларын түшүнүк түрүндө жыйынтыктоонун негизги логикалык ыгы. Бир нерсеге аныктама берилгенде, биринчиден, аны м-н байланыштуу объектилер системасындагы ошол нерсенин орду белгиленет, экинчиден ошол системанын ичиндеги анын аткара турган функциясы көрсөтүлөт. А. берүүнүн эки (формалдык ж-а мазмундук) жолу бар. А-нын жалпы шарттары формалдуу логикада изилденет. Реалдуу А-нын жардамы аркасында нерселер өздөрүнө гана таандык өзгөчө мүнөздөмөлөрү м-н айырмаланышат. Аныктама (тил таануу илими н д е) номиналдык А-нын жардамы аркасында татаал сөз айтымдарын кыскартуу үчүн илимге жаңы терминдер киргизилет, алардын маанилери аныкталат, такталат ж. б. Семантикалык А. – аныкталчу тилдеги кандайдыр бир сөз айтымы, ал эми аныктагыч кандайдыр бир нерсе болуп саналат (мис., «беш бурчтук» деген сөз беш жаты бар көп бурчтукту билдирет). Генетикалык А. – аныкталчу предмет аны пайда кылуунун, жаратуунун, түзүүнүн ыкмаларын көрсөтүү аркылуу пайда болот (мис., «айлана кандайдыр бир тегиздиктеги кыймылсыз чекиттин тегерегинде айлануу жолу м-н пайда болгон туюк ийри сызык болуп саналат»).