Difference between revisions of "АЛЫМКУЛОВ Добулбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Добулбек (25. 5. 1930-ж. т., Чүй

обл., Сокулук р-ну, Төш-Булак айылы) – патофизиолог, медицина илимд. доктору (1973), проф. (1984). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1989). КММИни бүтүргөн (1955). КММИде ассистент, кафедра башчысы, Кырг. акушерлик ж-а педиатрия ИИИунда бөлүм башчы, Курортология ж-a физиотерапия ил.-из. ин-тунун директору (1975–84), Кыргыз ССР ИАнын Бийиктоо физиологиясы ж-a эксперименттик патология ин-тунун директору (1984–86). 2001-жылдан КРСУнун проф. Кыргыз курортология ж-а калыбына келтирүү ил.-из. ин-тунун директору (1991–96). 2003-жылдан КММАда кафедра башчы. Ил. эмг. балдардын ден соолугун чыңдоо, жаратылыш факторлорунун организмге тийгизген таасирин ж-а табияттын дарылык касиетин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Резистентность детского организма в горных условиях (в соавторстве). Ф., 1983; Биологические и медицинские аспекты использования природных ресурсов в Исык-Кульско-Чуйском районе (в соавторстве) Ф., 1988; Кыргыз жергеси ден соолуктун булагы. Б., 1992.