Difference between revisions of "АНГЛИЯ-ФРАНЦИЯ-КЫТАЙ СОГУШУ"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
экинчи «апийим» согушу (1856–60) –
Англия м-н Франциянын Кытайды көз каранды мамлекетке айландыруу максатын көздөгөн
агрессиячыл согуш. Цинь династиясына каршы
чыккан тайпиндердин көтөрүлүшүнөн пайдаланып, Англия 1856-ж. октябрда Гуанчжоу ш-н
басып алат. 1857-ж. ага Франция кошулат.
1858-ж. майда англ. ж-а фр. аскерлер Дату портун к
ратып, Тянь-цзинь м-н Пекинге коркунуч туудурат.
Кытай өкмөтү Тяньцзинде Англия-Кытай ж-а
Франция-Кытай (1858) тең укуксуз келишимдерине
кол коюуга мажбур болот. Келишимдер өлкөнүн
аймагында чет өлкөлүктөргө эркин соода ж-а миссионердик ишмердүүлүктү жүргүзүү укугун берүүгө
Кытайды милдеттендирген. Бирок, император
аларды ратификациялоодон баш тарткан. Ага
жооп кылып англичандар м-н француздар
1860-ж. августта Тянь-цзинди, октябрда Пекинди басып алат. Кытай өкмөтү Пекинде АнглияКытай ж-а Франция-Кытай келишимдерине
(1860-ж.) аргасыздан кол коет. Келишимдер мурдагы Тянь-цзинь келишимдеринин шарттарын
бекемдеген.