Difference between revisions of "АМЕРИКАЛЫКТАР –"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 22 -сап: | 22 -сап: | ||
(1,8 млн), индиялыктар (1,7 млн), вьетнамдар | (1,8 млн), индиялыктар (1,7 млн), вьетнамдар | ||
(1,4 млн), кореялыктар (1 млн), япондуктар | (1,4 млн), кореялыктар (1 млн), япондуктар | ||
(796 миң адам) ж. б. Алар АКШнын Калифорния ж-а Гавайи штаттарында жашашат. | (796 миң адам) ж. б. Алар АКШнын Калифорния ж-а Гавайи штаттарында жашашат. Ин[[File:АМЕРИКАЛЫКТАР –_47.png | thumb | none]] | ||
[[File:АМЕРИКАЛЫКТАР –_47.png | thumb | none]] | дейлер (чирок, навахо, чокто, сиу, | ||
оджибве – чиппева ж. б.) ж-а | оджибве – чиппева ж. б.) ж-а | ||
Аляскалык аборигендер (эскимос, | Аляскалык аборигендер (эскимос, | ||
01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
1) АКШнын негизги кал-кы. АКШнын жашоочулары А. деп аталат, бирок бул термин дээрлик бүтүндөй батыш жарым шардын жашоочуларын билдирет. Жалпы саны 307, 9 млн адам (2009). 40 млнго жакыны иммигранттар. Амер. топтор АКШнын холдингдеринде ж-а аймактарында (мис., Пуэрто-Рико ж-а Гуам ж.б.), о. эле Европа, Канада, Мексика ж-а Россияда жашашат. А. америка вариантындагы англис тилинде сүйлөшөт. Алардын көпчүлүгү протестанттар (баптисттер, методисттер), о. але католиктер, иудаисттер, мусулмандар. 16-к-да Европадан испандар, англичандар, француздар, голландиялыктар ж. б. Түн. Америкага көчүп барып отурукташып, жерг. индейлерди чет жакаларга сүрүп чыгарышкан. 18-к-дын аягында амер. улуттун негизин англ. колониячылдардын урпактары түзгөн. 19-к-дын 1-жарымында АКШда иммиграция күчөгөн, европалыктар, өзгөчө Ирландия, Франция ж. б. өлкөлөрдөн келгендердин саны өскөн. 1846-48-ж-дагы Америка-Мексика согушунан кийин мексикалыктар, 1861–65-ж-дагы жарандык согуштан кийин афроамерикалыктар, 20-к-дын башталышында индейлер А-дын курамына кирген. 1860-ж. иммигранттар АКШнын кал-кынын 13-14% ин түзсө, 1910-ж. 40% ке жакы-нын түзгөн. Аларга каршы 20-к-дын 20-ж. иммиграциялык
тыюу салуучу мыйзамдар чыгарылган.
1-дүйнөлүк согуштан соң иммигранттардын саны кескин кыскарып, аларга ар тараптан кысымдар көрсөтүлө баштаган. Ушуну
м-н АКШ аймагына эркин кирүү доору аяктаган ж-а ассимиляция процесси терендеп, этностор аралык консолидация күч алган. Бүгүнкү
күндө А. ар түрдүү расадагы этностордон куралган, жалпы улуттук патриоттук
сезими күчтүү калк
катары саналат.
Азыркы А-дын
көпчүлүгүн (69%)
европалыктар (немецтер – 15,2%,
ирландиялыктар -
10,8%, англичандар – 8,7%, италиялыктар – 3%)
түзөт, о. эле Америкадагы эң чоң
расалык топ испан-америкалыктар: мексикалыктар (7,3%), пуэрторикалыктар (1,2%), кубалыктар (0,4%) ж. б.
Алардын көпчүлүгү АКШнын түш. ж-а батыш
бөлүгүндө, Калифорнияда ж-а Техаста (50%)
жашашат. «Кара» А. (афроамерикалыктар) түш.
штаттарда элдин 12,3% ин түзөт. Азиялыктар
м-н аралашуусунун негизинде келип чыккан А. 10,2 млн, кытайлар (2,4 млн), филиппиндер (1,8 млн), индиялыктар (1,7 млн), вьетнамдар (1,4 млн), кореялыктар (1 млн), япондуктар
(796 миң адам) ж. б. Алар АКШнын Калифорния ж-а Гавайи штаттарында жашашат. Ин
дейлер (чирок, навахо, чокто, сиу,
оджибве – чиппева ж. б.) ж-а
Аляскалык аборигендер (эскимос,
алеуттар) – 2,5
млн адам; индейлер АКШнын түштүгүндө элдик санынын 31% ин
ж-а батышында 43% ти түзөт, мындан
сырткары шотландиялыктар (4,9 млн),
норвегиялыктар (4,5 млн), арабдар (1,2 млн),
чехтер (1,2 млн), датчандар
(1,4 млн), голл. (4,5 млн), орустар (2,6 млн),
украиндер (0, 9 млн) жашашып, өнөр жайларда, тейлөө тармактарында, ил. мекемелерде
ж. б. иштешет. Улуттук майрам катары Эгемендүүлүк күнү (4-июль), Энелер күнү (майдын 2-жекшембиси) ж. б. майрамдалат. 2) Америка континентинде жайгашкан өлкөлөрдүн калкы да америкалыктар деп аталат.

