Difference between revisions of "АВСТРАЛИЯЛЫКТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:27, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 ‒ 1) Австралиянын жерг. калкы (аборигендер). Саны 517 200 киши (2006). Австралия калкынын 2,5% тин түзөт. А-дын тили 26 топко бөлүнүп, 500 (кээ бир изилдөөлөрдө 200) диалектиде, көп бөлүгү англис тилинде же пиджин инглиш тилинде сүйлөшөт. А-дын ата-бабалары 40 миӊдей жыл мурда түш.-чыгыш Азиядан келгендер. Алар 500гө жакын урууга бириккен. Ар уруунун өзүнчө аймагы болгон.

Алардын ичинен белгилүүлөрү: Австралиянын түш. чыгышында ‒ камиларой, курнай, нарриньер; чыгышында ‒ вакка, каби; борб. бөлүгүндө ‒ арабан, аранда, варрамунга, диери; түн.-батышын да ‒ кариера, ньоль-ньоль аттуу уруулары мекендешет. Аборигендер 19-к-га чейин негизинен аӊчылык ж-а балык уулоочулук м-н кесиптенип, жыгач, сөөк, таш куралдарды колдонушкан. Кээ бир уруулар негизги курал катары бумерангды пайдаланышкан. А. ыйык деп эсептешкен буюмдардын беттерине, өз денелерине сүрөттөрдү тартышып, тотемдик түшүнүктөгү магиялык ырым-жырымдарды жасашкан. Алар евр. колониялаштырууга чейин 300 миӊ адам болсо, түпкү-жерг. элдин резервацияланышы, жугуштуу оорулардын таралышы ж-а ачкачылыктын негизинде 1966-ж. 40 миӊи гана калган. Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин турмуш шарттары жакшырып, элдин саны өстү. 1967-ж. абориген дерге бардык граждандык укуктар берилген.

Жергиликтүү австралиялыктар майрамдоодо.

Азыркы мезгилде А-дан интеллигенция пайда болуп, элдин 70%и шаарда, шаарчаларда жашашат; 2) улут, Австралиянын негизги калкы, саны 25 903 700 киши (2021). А-дын курамын ‒ аборигендер (2,5%), европалыктар (93,5%), азиялыктар (4%) түзөт. Англис тилинин австралия диалектисинде сүйлөшөт. 17-к-дын башталышында Австралияга Европадан алгач голландиялык моряктар келген. 1768‒71-жылдагы Ж. Куктун экспедициясынан кийин Австралия га Англиядан, Ирландиядан, Шотландиядан; 1851‒61-ж. Австралиядан алтын табылгандан кийин Германия, Нидерландия, Грекия, Италия, Кытай, АКШ, Канададан эмигранттар келген. А-тар 400 миӊден 1200 миӊге чейин өскөн. 1901-ж. 1-январда колониялар Австралия Союзуна биригип, доминион укугуна ээ болушат. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Австралия нын эли 7,4 млнго жакын адамды түзсө, согуштан кийин 5 млн адам көчүп келген. Австралия да азыркы мезгилде 100дөн ашык улут жашап, 75‒100 тилде сүйлөшөт. Калкынын 85%ке жакыны шаарда жашашат. Дини б-ча негизинен христиандар. Кыштактарда жашаган А-дын негизги кесиби ‒ кой чарбачылык, вино жасоо, о. эле тамеки, кант камышын өстүрүшөт. Ш. Керимова