Difference between revisions of "АМФИТЕАТР -- көрүүчүлөрдүн орду"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(гр. amphitheatru, сөзмө-сөз – тегерек зал) – 1) Байыркы Римде көпчүлүк үчүн
курулган, гладиаторлорду ж-а жырткыч айбандарды кармаштыруучу монумент курулуштардын бири. Ал ортосунда аренасы бар эллипс түрүндөгү зор курулма. Аренаны айланта
көрүүчүлөрдүн орду болгон. Тепкич-тепкич болуп, улам жогорулап, тирөөчтөргө карматылып,
алардын ортосу фойе же тепкич катарында пайдаланылган. А. Рим империясынын б. з. ч. Верона, Помпеи, Рим (Колизей) ж. б. ш-ларында
сакталып келген; 2) азыркы театрдагы, цирктердеги, концерттик залдардагы, аудиториялардагы, стадиондордогу көрүүчүлөр үчүн бийиктетилген орундар (мис., Кыргыз опера ж-а балет
театрынын, Кыргыз академиялык драма театрынын ж. б. А-лары).