Difference between revisions of "АЛТАЙ КРАЙЫ"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
23:56, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Россия Федерациясынын курамында (Сибирь Федерация округу). 1937-ж.
28-сентябрда уюшулган. Аянты 168,0 миң км2.
Калкы 2,5 млн (2009). А. к-нда 60 адм. район,
12 шаар (11 крайга баш ийет), 14 шаарча бар.
Борбору – Барнаул ш. Аймагында Алтай Республикасы жайгашкан.
А. к-нын жери түздүктүү ж-а тоолуу болуп
экиге бөлүнөт. Түн.-батыш бөлүгүн Батыш Сибирь түздүгүнүн чет жакалары, түш.-чыгышын
Алтай тоолору ээлейт. Дарыялары: Обь, Катунь;
ири көлдөрү: Кулунду, Күчүк, Төлөс. Климаты
кескин континенттик, кышы узак, кар аз түшөт,
жайы ысык ж-а кургак. Январдын орт. темпрасы –19°С, июлдуку 19°С. Жылдык жаан-чачыны 150 ммден (түздүктөрүндө) 300 ммге (тоолорунда) чейин. Тоолуу бөлүгүндө климаты континенттик, жаан-чачыны мол (1500–3000 мм).
Too арасындагы өрөөндөрдө 1500–2000 мм.
Түздүктүү бөлүгүндө топурагы кара, батышы шор
топурактуу. Аймагынын 1/3ин токой (кайың,
мырза карагай ж. б.) ээлейт. Түздүгүндө талаа
ж-а токойлуу талаа зоналары, тоолорунун ички
өрөөндөрүндө жарым чөл м-н кургак талаа, токой тилкелеринин жогорку бөлүгүндө бийик
тундра жатат.
Калкынын көбү – орус (85%), алтайлыктар,
украин, беларусь ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 53,7%. Ири шаарлары: Барнаул, Бийск, Рубцовск, Горно-Алтайск. Учук
оорулуулар дарылануучу Лебяжье курорту бар.
А. к. – Россиядагы өнөр жайы өнүккөн крайлардын бири. Машина куруу (трактор ж-а а. ч. машинасы, вагон, мотор, буу казан ж. б.), хим.,
нефть-хим. (шина, жасалма була, хим. продуктулары ж. б.), жеңил (текстиль), тамак-аш,
тоо- кен (полиметалл, алтын, сымап ж. б.) өнөр
жайы бар. Негизги өнөр жай борборлору: Барнаул, Бийск, Рубцовск, Новоалтайск, Славгород. А. ч-нда дыйканчылык басымдуу. Дан чарбасы (негизинен буудай) өнүккөн. Кант кызылчасы, күн карама, зыгыр, кара куурай, тоют
өсүмдүктөрү айдалып, картошка, жашылча-жемиш багы өстүрүлөт. Сүт-эт багытындагы уй,
эт-жүн багытындагы кой чарбалары, эчки асыралат. Аңчылык ж-а бал челек кармоо да чоң
мааниге ээ. Үй кушу багылат. Куну чарбасы (тыйын чычкан, кундуз, түлкү, суу күсөн ж. б.) асыралат. Тоолорунда чаар бугу ж-а марал бар. Темир жолунун уз. 1710 км. Бийск ш-нан Монголияга
Чүй автомобиль жолу кетет. Обь д-нда кеме
жүрөт.