Difference between revisions of "АКНЕТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:50, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(aknet) – бүткүл дүйнөлүк тармак база­сында компьютердик системаларга тех. кол­доо ж‑а коммуникациялык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучу интернет‑сервис провайдер (ком­пьютерди интернетке кошо турган кызмат) ком­паниясы. 1998‑ж. уюшулган. Компания КРдин байланыш ж‑а маалымат технологиясы тарма­гындагы өз иш‑аракетин мыйзам чегинде атка­рат. Интернет тармагына абоненттердин чыгуу­сун КР УИАнын имаратында орнотулган мен­чик, 6 м антенналуу спутник байланыш стан­циясы аркылуу жүргүзөт. А. компаниясы Москва м‑н түздөн‑түз спутник каналы ар­кылуу байланышат. Спутник каналына ж‑а ин­тернет тармагына чыгууну, LOCKNEED MARTIN GLOBAL TELECOMMUNICATIONS транснацио­налдык корпорациясынын курамына кирген амер. BELCOM компаниясы жүргүзөт. А. кол­донгон бардык жабдыктар Кыргызстандартта ж‑а КРдин элдик байланыш агентчилигинде та­стыкталган. А. интернетке 2 топтогу, б. а. бө­лүнгөн зым кермелер ж‑а коммутациялар б‑ча чыгат (dialup). Бөлүнгөн зым кермелер б‑ча же күнү‑түнү интернетке чыгууну– чоң трафиктүү маалыматты жөнөтүү жолу же менчик маалы­мат ресурстары барлар, интернет провайдерлер корпоративдүү тармакты уюштурууда колдону­шат. Ал эми интернетке такай чыгууда каала­ган жеке колдонуучуларды, офистик ж‑а жерг. тармакты интернетке туташтырууну чечүү, маа­лымат серверлерин бүткүл дүйнөлүк маалымат мейкиндигинин бөлүгү кылуу, алыстагы фили­алдарды тармактын жардамы м‑н бириктирүү, деги эле өзүбүз үчүн интернет кызматын көрсөтүү ишке ашырылат.

У. Н. Биримкулов.