Difference between revisions of "АККУМУЛЯЦИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(лат. accum.ula.tio – чогултуу, топтоо) геологияда – геол. процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин ж‑а минералдык заттардын, орг. калдыктардын жербетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолушу. Алардан кийин диагенездин натыйжасында катуу чөкмөтектер пайда болот. А‑нын жанартоо ж‑а чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолушун субаквалдык А., кургактагысын субаэралдык А. деп аташат. А‑нын топтолуу орундары м‑н пайда болуу себептерине байланыштуу деңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген А‑сы болуп бир нечеге бөлүнөт. А‑нын натыйжасында аккумуляциялык рельеф пайда болот.