Difference between revisions of "АККУМУЛЯТОР"
180-227>KadyrM |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу максатында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал батарея деген ат м‑н да белгилүү. Аларды зарядцоонун жүрүшүндө хим. энергияны электр энергиясына өзгөртүүчү электр‑хим. элемент колдонулат. Азыркы мезгилде көп таралган коргошун‑кислоталуу А‑ду 1859‑ж. фр. физик
Гастон Планте ойлоп тапкан. Топтолгон энергиянын түрүнө жараша А. электрдик, гидравликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик А. электр энергиясын хим. энергияга айландырып чогултат. Керек болгондо ал энергия хим. реакциянын негизинде кайра электр энергиясына айландырылып, электр тизмегине берилет. Электрдик А‑дун кислоталуу ж‑а жегичтүү деген эки түрү бар. Кислот а л у у А‑дун электр кыймылдаткыч күчү ж‑а пайдалуу аракет коэффициенти чоң болгондуктан, кыймылсыз кубаттуу орнотмодо колдонулат. Жегичтүү А. – жеңил ж‑а жөнөкөй жасалгандыктан транспортто кеңири пайдаланьшат. ГидравликалыкА. суюктуктун же газдын басымын ж‑а чыгымын теңдөө үчүн гидравликалык орнотмодо пайдаланылат. Ж ыл у у л у к А. өнөр жай орнотмолорун буу ж‑а энергия м‑н үзгүлтүксүз жабдуу, жылуулук ж‑а күч берүүнү теңдөө максатында жылуулук энергиясын чогултат. Инерциялык А. сырткы күчтөрдүн кыймылын кинетикалык энергияга айландырып, аны кайра пайдаланат. Мис., айлануучу күүлөндүргүч дөңгөлөк.