Difference between revisions of "АК-БУУРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– Кара‑Суу ж‑а Ноокат р‑нун аймак­тары аркылуу аккан суу, Кара‑Дарыянын сол куймасы. Уз. 136 км, алабынын аянты 2540 км2. Алай кырка тоосунун түн. капталынан башта­лып, Ак‑Буура капчыгайы аркылуу агат. Жо­горку агымы Кичи Алай, ортонкусу Турук деп аталат. А.-Б. Ош ш. аркылуу агып өтөт. Куйма­лары: Челкилдек, Кырк‑Кечүү, Талды‑Булак, Кош‑Мойнок (оң), Жиптик‑Суу, Чугам, Талды­Булак (сол). Апрелде кирип, сентябрда тарты­лат. Жылдык орт. чыгымы 21,4 м3/сек; бай­калган эң көп чыгымы – 331 м3/сек (03. 06. 53), эң азы – 6,25 м3/сек. Негизинен сугатка пайдала­нылат. Ош ш‑н суу м‑н камсыз кылат. Боюнда Төлөйкөн, Турук, Папан ж. б. кыштактар бар.