Difference between revisions of "АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(1542–1605) – Индиядагы Могол династиясынын үчүнчү башкаруучусу (1556‑жылдан). Бабурдун небереси. Могол династиясынын бийлигин бекемдеп, согуштук жүрүштөрдүн натыйжасында бир топ княздыктарды (Кашмир, Бенгалия, Мальва, Бихар, Ражпутана ж. б.) кошун алып, мамлекеттин чегин кеңейткен. Ички саясатында ири жер ээлеринин (жагирдарлардын) бийлигин чектеген ишаракеттерди жүргүзүп, аскер башчыларына мурдагыдай жер бөлүп бербестен, аларга кызматы үчүн казнадан акы төлөгөн, ал эми жер салыгын мамлекет тарабынан атайын дайындалган адамдар чогулткан. Индияда моголдордун бийлигин бекемдөө максатында индус төбөлдөрүн өз тарабына тартууга аракеттенип, алардын өкүлдөрүн маанилүү мамл. кызматтарга дайындаган.
Ражпуттардын атчандары А‑дын армиясынын негизин түзүн калган. А‑дын мындай саясаты мусулман‑жагирдарларынын нааразылыгын туудурган. Ал ислам, индуизм, парсизм, жайнизм диндеринин негизинде жаңы дин («Дин‑и илахи») киргизип, анын негиздөөчүсү катары таанылган.
Ал тарыхта көрүнүктүү мамл. ишмер, жөндөмдүү аскер башчы, кат тааныбаса да билимге ынтызар инсан катары белгилүү.