Difference between revisions of "АК КУНАС"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(Ciconia) – кунастар уруусундагы куш. Бийикт. 1 жге жакын. Түсү ак, карала, тумшугу м‑н буту кызыл. Фергана ж‑а Чүй өрөөнүнүн талааларында, саздак жерлерде сейрек жолугат. Уясын ири дарактарга салып, бир жыл да бир жолу 2‑5 жумуртка тууп, балапандарын басып чыгарат. Бака, балык, чычкан, кескелдирик ж‑а курт‑кумурскалар м‑н азыктанат. Бул куш мындан көп жыл мурун Борб. Азияда кеңири таралган.
Азыркы учурда бардык жерде азаюуда. Анын кескин азайып кетишине саздардын кургатылышы, дың жерлерди бузуп, айдалышы себеп
болгон. 1952‑жылдан Кырг‑нда А. к‑ты кармоого тыюу салынган. 1975‑ж. Кырг‑ндын Кызыл китебине катталган.