Difference between revisions of "АКБАР ЖЕЛАЛ-АД-ДИН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(1542–1605) – Индия­дагы Могол династиясынын үчүнчү башкаруу­чусу (1556‑жылдан). Бабурдун небереси. Могол династиясынын бийлигин бекемдеп, согуштук жүрүштөрдүн натыйжасында бир топ княздык­тарды (Кашмир, Бенгалия, Мальва, Бихар, Раж­путана ж. б.) кошун алып, мамлекеттин чегин кеңейткен. Ички саясатында ири жер ээлери­нин (жагирдарлардын) бийлигин чектеген иш­аракеттерди жүргүзүп, аскер башчыларына мур­дагыдай жер бөлүп бербестен, аларга кызматы үчүн казнадан акы төлөгөн, ал эми жер салы­гын мамлекет тарабынан атайын дайындалган адамдар чогулткан. Индияда моголдордун бийли­гин бекемдөө максатында индус төбөлдөрүн өз  тарабына тартууга аракеттенип, алардын өкүлдөрүн  маанилүү мамл. кызматтарга дайындаган. 

Ражпуттардын атчандары А‑дын армиясынын негизин түзүн калган. А‑дын мындай саясаты мусулман‑жагирдарларынын нааразылыгын туудурган. Ал ислам, ин­дуизм, парсизм, жайнизм диндеринин негизин­де жаңы дин («Дин‑и илахи») киргизип, анын негиздөөчүсү катары таанылган.
Ал тарыхта көрүнүктүү мамл. ишмер, жөндөмдүү аскер башчы, кат тааныбаса да билимге ынтызар инсан катары белгилүү.

Акбар аскерлери м‑н Ганг д‑нан өтүүдө (Ихлас ж‑а Мадгу, могол мек­теби: болжол м‑н 1600‑ж.; Лондон. Виктория ж‑а Аль­берт музейи).