Difference between revisions of "АЙТИЕВ Гапар"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

Гапар (15. 9. 1912, Ош обл., Кара‑Суу р‑ну, Төлөйкөн айылы – 16. 12. 1984, Бишкек ш.) – кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кылкалем­дин улуу чебери, кыргыз улуттук профессионал сүрөт иск‑восунун негиздөөчүлөрүнүн бири, коом­дук ишмер, СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР сүрөт академиясынын корр. мүчөсү (1973), Соц. Эмг. Баатыры (1982). Фрунзедеги агартуу ин­тунун (кийин борбордук педтехникум) тарых­коомчулук бөлүмүн бүтүргөн (1932). Сүрөтчүлүк
Иш үстүндө.

иск‑во б‑ча атай­ын билимди Мос­квадагы «1905­жылды эскерүү» сүрөт окуу жа­йында алган. Ал 1934‑ж. Фрунзеде ачылган 1‑респ. сүрөт көргөзмөсү­нө «Атанын порт­рети» (1932), «Кол­хоз катчысы Иман­газы», «Түштүк кызы» (1934) деген портреттери м‑н үйрөнчүк катары катышкан. 30‑жылдардын экинчи жарымында жараткан «Колхозчулардын эс алуусу», «Физкультурниктер», «Байдагы бат­рак» сыяктуу жанрдык полотнолорунда тур­муштун маанилүү жактарын чагылдырууга ум­тулат. Ал сүрөтчүлүк жөндөмүн портрет жан­рында да сынап, С. Акылбековдун (1937), акын А. Осмоновдун (1938) портреттерин тарткан. Ал эми «Көлдөгү кайык» (1939), «Боз үйлөр» (1940) аттуу чыгармалары анын келечекте кыргыз пей­зажынын чоң чебери болорун көрсөткөн. «Фронт­тон кат» (1943), «Пахта терүү» (1944), «Колхоз короосу» (1946) сүрөттөрү А‑дин олуттуу ийги­лиги болуп, изденүүсүндөгү негизги багытын аныктады. Ал бардык жанрлар б‑ча ийгиликтүү иштесе да, анын негизги жанры пейзаж бол­гон. «Кайыктар» (1947), «Жумгал өрөөнүндө» (1949), «Сазда» (1954), «Жалтылдаган көл» (1960) аттуу чыгармаларындагы образдар жөнөкөй көрүнүштөрдүн демейки элеси катары тартыл­ган м‑н алардын негизинде рухий терең ой, өзгөчө бир ички байланыш, логикалык бирим­дик, күчтүү көркөмдүк жатат. «Жайлоодогу чак түш» (1949), «Тоодогу кеч» (1958), «Кыштак че­тинде» (1956) деген чыгармалары, атактуу «Ысык‑Көлдөгү чак түш» картинасы бирин бири толуктап турат. 60‑жылдары А. «Чабандар» (1960‑61) аттуу полотносу, «Ысык‑Көл – кыр­гыз деңизи» (бул чыгармалары үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты болгон, 1967), «Тоодогу чөп чабуу» (1961) деген пейзаждарды жараткан. «Кыргыз жергеси» ат­туу пейзаждар сериясы, «Тоо мейкини» (1964), «Чүй өрөөнүндөгү күз» (1965), «Анжияндын ай­ланасы», «Түштүктөгү кеч» (1967), «Калкагар зоо» (1969), «Талаадагы тандыр» (1972), «Көңүл», «Тоодогу күүгүм» (1973), «Ойлонуу», «Кечки тынчтык» (1974) аттуу чыгармалары сүрөт өнө­рүнүн бийик үлгүлөрүнөн болуп калды. А. асыл адамдар бейнесин боёктор кудурети м‑н жазуу­нун теңдешсиз чебери да болгон. М. Баетовдун (1949), Ч. Иманкуловдун (1962), элдик уз А. Бек­боеванын живопистик портреттери, сүрөтчү Ж. Кожакметов м‑н бирге жараткан «Акындар» (1957) аттуу залкар чыгармасы, «Жылкычы», «Токтогул» (1958), «Саякбай» (1965) ж‑а акын А. Токомбаевдин (1972) бедиздик портреттери жалпы көрүүчүлөргө белгилүү. А‑дин монумен­ттик иск‑водо да айтарлык салымы бар. 1951­54‑ж. Кыргыз опера ж‑а балет театрынын има­ратын жасалгалоого көркөм жетекчи болгон. Ал – көрүү залынын плафонундагы роспистин ж‑а театрдагы адамдын көз жоосун алган ор­наменттик композициялардын автору. Нарын ш‑ндагы революционер Жукеев‑Пудовкинге , Фрунзедеги кыргыздын улуу демократ акыны Т. Сатылгановго (1974) коюлган эстелик­тердин (арх. А. Исаев) автору. А. узак жылдар бою (1940‑68) Кырг‑н сүрөтчүлөр союзун жетек­теп, кыргыз сүрөтчүлөрүнө ж‑а жалпы респ. сүрөт иск‑восунун өнүгүшүнө таасир тийгизген. А‑дин чыгармалары 1934‑жылдан жалпы союз­дук, 1958‑жылдан эл аралык сүрөт көргөзмө­лөрүнө катышып келген. 1970‑ж. Москвада, ж. Фрунзеде анын чыгармаларынын көр­гөзмөсү ийгилик м‑н өткөн. А‑дин эң мыкты чыгармалары кыргыз улуттук сүрөт иск‑во му­зейинин, Алматыдагы Шевченко атн. сүрөт га­лереясынын, Львов ш‑дагы сүрөт музейлеринин менчигине айланды. Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин Президиумунун мүчөсү (1967), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Председателинин орун басары (8‑9‑шайланы­шы), 1969‑жылдан Кыргыз ССР Токтогул атн. мамл. сыйл. б‑ча к‑ттин председатели болгон. Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ж‑а «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар м‑н сый­ланган.
Ад.: Асанбеков С. Сүрөтчү. Ф., 1962; Черкасова Н.
В. Гапар Айтиевич Айтиев. 1961; Народный художник Киргизской ССР Гапар Айтиев. Каталог выставки. М., 1970; Первый киргизский художник: Г. Айтиев. Ф., 1983. С. Асанбеков.