Difference between revisions of "АДАМДЫН ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИГИНИН ВИРУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
1 -сап: 1 -сап:
  (АИЖВ – ВИЧ)‒ иммунитет жетишсиздик оорусунун синдромунун (ИЖОС ‒ СПИД) козгогучу. Вирусту 1983-ж. Париждеги Л. Пастер атн. ил.-из. ин-тунун проф. Монтанье башкарган илимпоздор тобу рактын бир түрү м-н ооруган кишиден тапкан. Ошол эле жылы АКШда проф. Галло ж-а жардамчылары бул вирусту ИЖОС м-н ооруган адамдын канынан, спермасынан бөлүп алышкан. АИЖВ ‒ татаал түзүлүштөгү вирус. Дүйнөдөгү белгилүү микроорганизмдердин ичинен ушул вирус гана РНК м-н ДНКны синтездөөгө жөндөмдүү. ДНКда тукум куугучтук, ген. маалымат жайгашат, ал эми информацияны РНК «ташып жүрөт». Ошондуктан АИЖВ ретровирустардын катарына кирет. 1986-ж. анын жаӊы түрлөрү ‒ мутанттары (I, II, III) табылган. Алар өз ара ген. белгилери м-н айырмаланат, ар бир мутанттын гени ар башка. Вирустун генинин түзүлүшүнө карата «субтиптерге» бөлүнүп, латын тамгалары (А, В, С, N, O, D ж. б.) м-н аталат. Гомосексуалдар-

дын эпидемиясында АИЖВнын В&#8209;субтибине байланыштуу ийне саюу жолу м&#8209;н жугузган баңгилерде А&#8209;субтиби басымдуулук кьшат. Жы­ныс жолу м&#8209;н жугузгандарда көбүнчө В&#8209;субти­би кезигет. Вирус таякча, үтүр же тоголок шар сымал болот. Айлана&#8209;чөйрөнүн шартына чыдам­сыз, жылуу жерде 10&#8209;30 <i>мин</i> гана жашайт. Чөйрөнүн темп&#8209;расы 56°тан жогорулаганда өлөт. Хим. заттарга туруксуз, бирок радиацияга, ультракызгылт көк нурга бир топ чыдамдуу. Ал тирүү клеткада мителик кылгандыктан, адам организмииде гана жашоого, көбөйүүгө жөн­дөмдүү. Адамдын калы, лимфа суюктугу, эркек­тин тукум уругу (сперма), жүлүн суюктугу, жыныс мүчөлөрүнүн былжырлуу суюктукта­ры вируска жагымдуу шарт болуп, анын тара­лышында мааниси зор. АИЖВ адам иммуните­тин тейлөөчү кан клеткалары м&#8209;н азыктанат. Адамга жуккан вирус канга өтүп, лимфоцит­терге кирип, генетика аппаратында көбөйөт, аларды «жеп» бүткөндөн кийин, андан чыгып (провирустар) башка лимфоциттерге өтөт. На­тыйжада, лимфоциттердин саны массалык түрдө азайгандыктан адамдын иммунитети начарлап, антитело бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жого­тот. Иммунитет жетишсиздиги бүтүндөй иммун­дук системанын «кыйрашына» алып келет.<br>
<i>Т. А. Тыналиева.</i><br>

14:22, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(АИЖВ – ВИЧ)‒ иммунитет жетишсиздик оорусунун синдромунун (ИЖОС ‒ СПИД) козгогучу. Вирусту 1983-ж. Париждеги Л. Пастер атн. ил.-из. ин-тунун проф. Монтанье башкарган илимпоздор тобу рактын бир түрү м-н ооруган кишиден тапкан. Ошол эле жылы АКШда проф. Галло ж-а жардамчылары бул вирусту ИЖОС м-н ооруган адамдын канынан, спермасынан бөлүп алышкан. АИЖВ ‒ татаал түзүлүштөгү вирус. Дүйнөдөгү белгилүү микроорганизмдердин ичинен ушул вирус гана РНК м-н ДНКны синтездөөгө жөндөмдүү. ДНКда тукум куугучтук, ген. маалымат жайгашат, ал эми информацияны РНК «ташып жүрөт». Ошондуктан АИЖВ ретровирустардын катарына кирет. 1986-ж. анын жаӊы түрлөрү ‒ мутанттары (I, II, III) табылган. Алар өз ара ген. белгилери м-н айырмаланат, ар бир мутанттын гени ар башка. Вирустун генинин түзүлүшүнө карата «субтиптерге» бөлүнүп, латын тамгалары (А, В, С, N, O, D ж. б.) м-н аталат. Гомосексуалдар-

дын эпидемиясында АИЖВнын В‑субтибине байланыштуу ийне саюу жолу м‑н жугузган баңгилерде А‑субтиби басымдуулук кьшат. Жы­ныс жолу м‑н жугузгандарда көбүнчө В‑субти­би кезигет. Вирус таякча, үтүр же тоголок шар сымал болот. Айлана‑чөйрөнүн шартына чыдам­сыз, жылуу жерде 10‑30 мин гана жашайт. Чөйрөнүн темп‑расы 56°тан жогорулаганда өлөт. Хим. заттарга туруксуз, бирок радиацияга, ультракызгылт көк нурга бир топ чыдамдуу. Ал тирүү клеткада мителик кылгандыктан, адам организмииде гана жашоого, көбөйүүгө жөн­дөмдүү. Адамдын калы, лимфа суюктугу, эркек­тин тукум уругу (сперма), жүлүн суюктугу, жыныс мүчөлөрүнүн былжырлуу суюктукта­ры вируска жагымдуу шарт болуп, анын тара­лышында мааниси зор. АИЖВ адам иммуните­тин тейлөөчү кан клеткалары м‑н азыктанат. Адамга жуккан вирус канга өтүп, лимфоцит­терге кирип, генетика аппаратында көбөйөт, аларды «жеп» бүткөндөн кийин, андан чыгып (провирустар) башка лимфоциттерге өтөт. На­тыйжада, лимфоциттердин саны массалык түрдө азайгандыктан адамдын иммунитети начарлап, антитело бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жого­тот. Иммунитет жетишсиздиги бүтүндөй иммун­дук системанын «кыйрашына» алып келет.
Т. А. Тыналиева.