Difference between revisions of "АЙЛАНМА КАПИТАЛ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражаттары; А. к. туруктуу капиталдын (сырьё, материалдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) ж‑а өзгөрулмө капиталдын элементтеринде жүзөгө ашырылат. А. к. наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги ж‑а айланма болуп бөлүнүшү өндүрүш капиталына тиешелүү ж‑а жүгүртүү капиталына (товардык ж‑а акча) кирбейт. А. к‑ды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары К. Маркс ачкан. А. Смит аны товар дык же соода капиталы катары караган. Д. Ри кардо А. к‑ын жумушчу күчүн сатып алууга жумшалган чыгымга окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы А. к. түшүнүгүн бөлүп карабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капи талы м‑н катар жүгүртүү, товардык ж‑а акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк активдерди түшүндүрөт, к. Айланма каражаттар.