Difference between revisions of "АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН КОРГОЛУУЧУ ОБЪЕКТИЛЕРИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – коргоого алына турган айлана‑чөйрөнүн өз ара ажырагыс табигый компонеттери­нин жыйындылары. Алар булгануудан, бузу­луудан, түгөнүүдөн ж‑а талкалануудан сакта­лышы зарыл. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү: жер, суу ж‑а атм‑лык аба. Жер бүтүндөй жара­тылыш м‑н анын объектилеринин негизин тү зөт. Башка бардык объектилер (жер астындагы ж‑а анын үстүндөгү) Жер м‑н ажырагыс бирим­дикте ж‑а байланышта болот. Жер айлана‑чөй­рөнүн ж‑а аны коргоонун объектиси катары жер бети м‑н кыртыштык катмарды түзөт. А. ч‑сын­да жер өндүрүштүн негизги ж‑а алмаштыргыс каражаты болуп эсептелет. Ошондуктан мында кыртыштын түшүмдүүлүгү биринчи мааниге ээ. Маанилүүлүгү жагынан кийинки объектини суу түзөт. Сууларга дарыялар, көлдөр, каналдар, суу сактагычтар, көлмөлөр, көлчөлөр, мөңгүлөр, жер астындагы суулар кирет. Суу объектилери нин курамы суу кодексинде берилген. Жашоо турмуштагы эң маанилүү жаратылыш чөйрөсү­нүн бири – атмосфералык аба. Атм‑нын кура мында атм‑нын «озондук катмары» деген ком­поненти өзгөчө бөлүнүп турат. Бул Жер бетин Күндүн тике тийген нурларынан сактап туруу­чу газ катмары болуп саналат. А.-ч. к. о‑нин бири – токойлор. Токойлордун климатты, суу агымдарын жөнгө салууда мааниси зор, кычкыл тек бөлүп чыгарат. А.-ч. к. о. катары экосисте­малар да эсептелинет.