Difference between revisions of "АЙКИДО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 (япончо – күчтү топтоо жолу)– Чы­гыштын өзүн‑өзү коргоо боюнча жекеме‑жеке күрөшүү чеберчилигинин япониялык түрү. А‑ну япониялык мастер Морихей Уесиба самурай­лардын аскер иск‑восунун негизинде спорттун бир түрү катары иштеп чыккан (1920‑30‑ж). А. жоокердик кесиптин чеберчилиги катары өзүнө кэндо, бодзюцу, джиу‑джицу сыяктуу бир нече стилдерди камтыйт. Мында каршылашы­нын аракетин өзүнө бурдуруу максатында ча­буулдап ж‑а кайра кармоодон тез кетүү пайда­ланылат. А‑нун ыкмаларынын жети жүз жыл-
АЙКИДО55.png

дык тарыхы бар, түпкү тамыры Knoй доору­нан башталат. А. ыкмалары ар тараптан ке­лишкен, адамдын денесин ж‑а анын руханий жактан өсүшүн көздөйт. А. бул табият м‑н адам дын тыгыз байланышын көрсөтүүчү система деп айтылат. Мында адам өзүнүн психикасынын те­реңиндеги касиеттерин даана көрсөтө ала тур ган таймашуунун жагдайлары топтолгон. Кырг‑ндын А. федерациясы 1995‑ж. Бишкекте түзүлүп, 1996‑жылдан А‑нун Бүткүл дүйнөлүк борбору – Айкикай Хомбу Додзе (Токио, Япо ния) тарабынан таанылган. Кырг‑нда бүгүнкү күндө А. башка чыгыш таймашууларынын ка­тарында өнүгүүдө.