Difference between revisions of "АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – калк­ты азык‑түлүктүн бардык түрү м‑н туруктуу камсыз кылууга багытталган экон.-уюшту­руучулук, технол. ж‑а социал. иш‑чараларды камтыган мамл. башкы маселелердин бири. 1996‑ж. 17‑ноябрда кабыл алынган Рим декла­рациясына ылайык Кырг‑н дүйнөлүк коомдош­туктун мүчөсү катары өзүнө «жакырчылыкты, теңсиздикти жоюуга, бардык мезгилде жетишер­лик диеталык толук баалуу азык‑түлүккө физ. ж‑а экон. жактан ээ болуу ж‑а аны пайдалана алууну камсыз кылууга багытталган саясат жүргүзүү» милдеттенмесин алган. А.-т. к. с. рынокто тамак‑аш азыктарынын болушун, та­мак‑аш азыктары м‑н туруктуу камсыздоону, алардын коопсуз ж‑а алгылыктуу сапатын, калк­тын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өлкөнүн ар бир тургунунун тамак‑аш азыктары м‑н камсыз болушун көздөйт.