Difference between revisions of "АЗОР АРАЛДАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – Атлантика океанындагы 9 жанар тоо аралынан (эң чоңу – Сан‑Мигел а.) ж‑а бир нече рифтен турган архипелаг. Пире-

ней ж.а‑нан батыш тарапта; Португалиянын автономиялуу району. Батыштан чыгышка ка рай 644 кмге созулат. Аянты 2,3 миң км2. Кал кы 246,7 миң (2011). Рельефи тоолуу; бийикт. 2351 мге (Пику а‑нда) жетет. Фумаролдор, ми­нералдуу ж‑а термалдык булактары бар. Жер титирөө көп болот. Климаты субтропиктик, океандык. Капталдарында субтропиктик тоо токою ж‑а бадалдар (лавр, каштан, арча ж. б.) өсөт. Банан плантациялары, цитрус өсүмдүктө рү, жүзүм өстүрүлөт. Ири шаарлары ж‑а порт­тору: Понта‑Делгада, Ангра‑ду –Эроишму, Орта.