Difference between revisions of "АЗИЗ НЕСИН"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(чын аты‑жөнү Махмуд Н у с р е т; 1915 – ө. ж. белгисиз) – түрк жазуучусу, сатирик.
Көркөм иск‑во академиясында окуган. Көптөгөн күлкүлүү аңгемелердин, роман
дардын автору, саясий ж‑а социалдык сатиранын чебери. А. Н. «Боштондуктагы жиндилер», «Кызмат ада мы» адгемелерин жазган.
Ал түрк турмушунун терс жактарын «Өлгөн эшек»
(1958), «Азамат» (1959) ж. б. чыгармаларында келекелейт. А. Н‑дин каармандары – майда чиновниктер, жолу болбогон интелли
генттер, жумуш таппай убайым тарткан карапайым адамдар. Анын сатиралык «Футбол падышасы» (1957) «Зюбюк» (1961) аттуу романдары, «Иттин куйругу» (1958), «Тиги дүйнөдөн кат» (1960), «Сиздин саатыңыз нече болду?» (1970) китептери басылып, айрымдары кыргыз тилине которулган. А. Н. сатириктердин эл аралык конкурсунда «Хамди аттуу пил» (1956), «Казан азган» адгемелери үчүн эки жолу «Пальма бутагы» м‑н сыйланган.