Difference between revisions of "АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 (1829) Россия м‑н Осмон империясынын орто­сундагы согуштун (1828–29) жыйынтыгы м‑н түзүлгөн келишим. 1829‑ж. 2 (14)-сентябрда Ад рианополь (Түркиянын Эдирне ш.) ш‑да 25 жылдык мөөнөт м‑н кол коюлган. Келишим б­ча Дунайдын Чаты а. м‑н Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань д‑нын чатынан Ажа­риянын түн. чегине чейин, о. эле Ахалкалаки ж‑а Ахалцик чептери чет жакасы м‑н Россияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын ж‑а Эриван, Нахичевань хандыктарынын Рос сияга кошулушу ырасталган, орустардын ж‑а чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор м‑н Дар данелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия ж‑а Валахия) автономияга ээ болуш­кан. А. т. к‑н түзүү м‑н орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда соо­данын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закав­казьенин негизги аймактарын Россияга кошуп бүткөн; Молдавия, Грекия, Валахия ж‑а Сер бия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бо­шонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.