Difference between revisions of "АДЛЕР"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Альфред (7. 2. 1870, Вена – 28. 5. 1937,
Абердин, Шотландия) – австриялык врач‑психиатр ж‑а психолог. Ал Вена ун‑тин бүткөндөн кийин врач болуп иштеген ж‑а 3. Фрейддин окуусун жактап чыккан. 1902‑ж. 3. Фрейд уюштурган психоаналитикалык коомго кирген. А. 1911‑ж. Фрейд м‑н кол үзүп, өз мектебин – «жеке (индивидуалдуу) психологияны» негиздеген. А‑дин бул мезгилдеги эмгектери негизинен нев роз проблемасына, органикалык деффекттердин, тубаса кемтиктердин инсандын өнүгүүсүнө тий гизген таасирин изилдөөгө арналган. Психопатологиянын маалыматтарына таянып, компенсациялоо (толуктоо) ж‑дөгү окуусун жараткан. Инсандын өнүгүүсүнүн универсалдуу булагы А. б‑ча адамдын азап чегишинен, ызасынан келип чыккан кембаа, сезим өксүк. Ал ар адамдын артыкчылыкка, позитивдүү өнүгүүсүнө умтулуусун туудурат, аны «бийликке карата» эрк деп белгилеген. Мына ушундай умтулуунун натыйжасын да өксүгү толукталат, мис., эгер адамдын денесинде кандайдыр бир талуу жер же өксүк (көзү чалыр, кекеч, бою кичинекей, чабал) болсо, ал өзүнүн физиологиялык кемчилигин социал. артыкчылыктарга (карьера жасоого, чыгармачыл дараметтерин өнүктүрүүгө. спорт м‑н машыгууга ж. б.) умтулуу аркылуу компенсациялайт. Чечендик өнөрү м‑н даңкталган байыркы грек оратору Демосфен бала чагында кекеч болгон. Улуу аскер башчылары, мамл. саясий ишмерлер: Суворов, Ленин, Сталин, Наполеон, Руз вельт орто же кыска бойлуу адамдар болушкан. А. тарабынан сунуш кылынган «өксүк комплекси» түшүнүгү илимде, коомдук аң‑сезимде кеңири тараган.
Т. Эсенгелдиев, Р. Амираев.