Difference between revisions of "АДЕНОЗИНФОСФОР КИСЛОТАЛАРЫ"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
н у к-
Леотиддер– аденозинмоно-, ди- ж‑а трифосфат кислоталары (АМФ, АДФ, АТФ). АМФ (C10H14N5O7P) – адениндин, рибозанын ж‑а бир молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидмонофосфат. АМФ рибонуклеин к‑таларынын ж‑а АТФнын гидролизденишинен пайда болот. Ал тирүү организм дердин жашоосунда негизги ролду аткарып, татаал биол. бирикмелердин (нуклеотиддердин, рибонуклеин к‑таларынын, коферменттердин ж.б.) курамдык бөлүгү болуп эсептелет. АДФ (C10H15N5O10P2 )– адениндин, рибозанын ж‑а эки молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидди фосфат. Ал бардык тирүү организмдердин курамында кездешип, энергия алып жүрүүчү зат болуп эсептелет. АТФ (C10H16NsO13P3) – адениндин, рибозанын ж‑а үч молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан
пайда болгон нуклеозидтрифосфат. АТФ ферменттердин жардамы м‑н гидролиздөөдөн алынат. Кадимки шартта сууда жакшы эрүүчү, ту руктуу туздарды пайда кылуучу, түссүз крис талл. Хим. курамы б‑ча нуклеотидцерге кирет. Табиятта дээрлик бардык тирүү организмдердин курамында кездешет. С. А Адылов.