Difference between revisions of "АДАМ УКУКТАРЫ"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– адамдын мүдөөлөрүн мыйзам чегинде жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү. А. у. табигый ж‑a социал. болуп экиге бөлүнөт. Та бигый укуктар – адамдын тиричилигинен келип чыккан (мис., өмүр сүрүү, эркиндикке жетишүү, керт башынын кол тийбестиги ж. б.) укуктары. Социал. укуктар – адамдын мамлекет м‑н өз ара аракет процессинде пайда болгон (мис., билим алууга, эмгектенүүгө, бакубат өмүр сүрүүгө, жарандык алууга, сот адилеттигине баш
ийүүгө, эркин жүрүп‑турууга, мүлккө ээ болууга укуктуу). А. у‑нун жоболору улуттук деңгээлде Конституцияда ж‑a мыйзам актыларында (мис., жарандык Кодексте, кылмыпггык Кодексте, Жарлыктарда ж. б. атайын мыйзамдарда) каралган. Эл аралык деңгээлде А. у‑н коргоо А. у. ж‑дөгү эл аралык чечимдерде негизделген, ага Адам укуктарынын жалпыга бирдей Декларациясы (10.12. 1948), Экон., социал. ж‑a маданий укук тар тууралуу пакт (12. 12. 1966), Жарандык ж‑a саясий укуктар тууралуу пакт (19.12.1966), Жарандык ж‑a саясий укуктар тууралуу пактынын экинчи факультативдик тиркемесинде (19. 12. 1966) көрсөтүлгөн. А. у. эл аралык конвенцияларда иштелип чыккан адам укуктарын коргоого, кадыр‑баркын кемсинтүүнүн бардык түрүн жоюуга, адамды барымтага кармоого кар шы күрөшүүгө, апартеиддик кылмыштардын жолун бөгөп, ал үчүн жаза белгилөөгө ж. б. багытталган. А. у‑н эл аралык деңгээлде коргоо ж‑a көзөмөл иши Эл аралык эмгек Уюмуна, ЮНЕСКОнун Маданият м‑н билим тармагындагы Шериктештик уюмуна, Ден соолукту сактоо уюмуна жүктөлгөн.