БАБКИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАБКИН Михаил Николаевич [22. 01. 1922, РСФСР (азыркы Россия Федерациясы), Воронеж губерниясы (азыркы Воронеж облусу), Бобровск уезди (азыркы Аннинск району), Старо-Тойден болуштугу, Старая Тойда кыштагы – 08. 12. 1959, СССР, Украина ССРи, Киев облусу, Белая Церков шаары] ‒ учкуч, авиациянын майору, Советтер Союзунун Баатыры (18. 08. 1945). Кыргызстандын Кызыл-Кыя, Жалал-Абад (азыркы Манас), Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарларында жашаган. 19-июль,1941-жылы Көк-Жаӊгак аскер комиссариаты тарабынан Советтик Армиянын катарына чакырылып, алгач Фрунзе шаарындагы аэроклубду, 1943-жылы аскер-аба учкучтарынын Чкалов (азыркы Оренбург) мектебин бүтүргөндөн кийин Улуу Ата Мекендик согушка кирип, штурмалоочу болуп, Воронеж, Талаа, Батыш жана 2-Белорусс фронтторундагы согуштарга катышкан. 1943-жылы, 5-июлдагы Курск салгылашуусуна катышып, кийин 1-штурмалоочу аба корпусу, 233-штурмалоочу Ярцево дивизиясынын 114-гвардиялык авиация полкунун курамында Беларуссияны бошотууга катышып, Польша жана Чыгыш Пруссия аймактарында салгылашкан.

БАБКИН97.png

Бул салгылашууларда 145 жолу согуштук учуу жасап, душмандын 85 автомашинасын, 8 самолётун, 5 зениттик жана согуштук артиллериясын, ошодой эле күйүүчү май, ок-дары сакталган складдарын талкалап, керектен чыгарган. Согуштан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөөнү улантып, аскердик кызмат учурунда авиациялык кырсыктан курман болгон. Анын ысмы Жалал-Абад шаарындагы мектепке жана көчөгө ыйгарылган. Эки Ленин, төрт Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.