КОВАЛЕНКО Борис Гаврилович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:01, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОВАЛЕНКО to КОВАЛЕНКО Борис Гаврилович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОВАЛЕ́НКО Борис Гаврилович (19. 7. 1929, Фрунзе – 11. 1. 2007, Бишкек) – техника илимдеринин доктору (1971), профессор (1977). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1954), СССР ИАнын Ленинград энер­гетикалык ин-тунун аспирантурасын (1957) бүтүргөн. 1957-жылдан Кыргыз ССР ИАда улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, Кыргыз ирри­гация ИИИде жетектөөчү илимий кызматкер (1993–2007). Гидромелиорация тармактарын автомат­таштыруу, суу ресурстарын комплекстүү ирри­гация-энергетикалык пайдалануу боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектин, 5 монография, 20 авторлук күбөлүктүн ээси.

Эмг.: Оптимизация планов развития орашения (в соавторстве). Ф., 1972.